2. .
Эреже!!!
Сүйлөмдүн грамматикалык түзүлүш өзгөчөлүктөрү ар
түрдүү. Ал өзгөчөлүккө толук жана кемтик сүйлөмдөр
да кирет. Сүйлөмгө катыштуу болгон сөздөрүнүн
(сүйлөм мүчөлөрүнүн ) толук, же алардын
айрымдарынын кемип берилишине байланыштуу
толук сүйлөм жана кемтик сүйлөм болуп болунот
3. Эреже!!!
Ар түрдүү жагдайга, талапка байланыштуу
айрым сөздөрү айтылбай калса да,
жыйынтыктуу билдирген сүйлөм кемтик
сүйлөм деп аталат
4. Кемтик сүйлөм
Сүйлөмдүн кайсы мүчөсүнун кемиши байланыштуу
айтылган контекстте мурда эле белгилүү болгондуктан,
аны кайталабоо, тилдик каражатты уномдоо
максатында, кепти айтуу жагдайына жана кабарланып
жаткан зат, окуя, кубулуш, кыймыл-аракет жөнүндө
айтуучу менен угуучунун маалыматына, тажрыйбасына
ж.б. байланыштуу болот.
5. Билип ал!!!
Кемтик сүйлөмдөр жөнөкөй сүйлөм
түзүлүшүндө гана эмес, татаал сүйлөмдүн
тутумунда да колдонулат: Батманын оорусу
күчөдү . Төшөктөн тура албай калды (ал).
6. Түзүлүшү боюнча
Ээси айтылбай калган кемтик сүйлөм : Полктун командири солдаттарды катарга тизди .
Баяндоочу айтылбай калган кемтик сүйлөм : Мунун баары кимге (арналган)?
Ээ жана баяндоочу кемиген сүйлөм :
--Ботом, урун-баранда шашылып жөнөп калыпсың .
--Шаарга (мен жөнөп калдым).
Айкындооч мүчөлөрү кемиген сүйлөм :
--Эл-журттан кабар алдыңбы?
--Алдым.
7. Дагы
Кемтик сүйлөмдөр адам турмушундагы
кандайдыр бир информацияны баса көр-сөтүү
функциясын аткарат. Б.а., Кемтик сүйлөмгө
семантикалык акцент түшүрүлүп айтылат.
Ошондуктан Кемтик сүйлөм өзүнчө бөлүнүп,
обочолонуп жазылат. Мис., - Ким үчүн
эмгектендим?- Келечек үчүн.