SlideShare une entreprise Scribd logo
1  sur  3
Télécharger pour lire hors ligne
Жаркын келечек үчүн кызматташтыкка чакыруу

                                                       Жалгыз адам кыла албаганды,
                                                        биргелешкен коом жасаган,
                                                   акылдар менен колдун ынтымагы,
                                              бир багытта элдин болгон күч дымагы.
                                                                   Даниел Уэбстер.

       Биздин коомдо учурда абдан күчтүү душман бар. Ал партия, же уюм, же бир
конкреттүү адам эмес, ал коомдогу терс сапаттар: трайбализм, коррупция, кайдыгерлик,
жоопкерчиликтин жоктугу жана бөлүнүп жарылуу түшүнүгү сыяктуу терс көрүнүштөр.
Бул сапаттар биринин аркасынан бирин улап, агрессия жана башка зыяндуу сапаттардын
чынжыр катарын чубап келе жатат. Биз бул жолдон терең аңга батып баратканыбызды
сезип турсак да,ошол аңга матырылып бара жатабыз. Мисалы, коррупция – бул жөнөкөй
тил менен айтканда «ууручулук». Азыркы учурда уурдоо коомубузда нормалдуу көрүнүш
болуп жатат. Ал эми жоопкерчиликтин жоктугу ар бир жаранда терең отурукташып, бул
да нормага айланды. Албетте, мындай нормалар менен жашаган коомго уят, шерменделик
дегенден башка эмнени айтуу мүмкүн. Бирок, чын чынына келгенде биз бул көрүнүштөр,
бул ачык душман менен күрөшүүгө алыбыз жетет. Бардык аракет, энергия жана
мүмкүнчүлүктөрдү бириктирип, жаратмандык багытында позитивдүү көрүнүштөрдүн
чынжырын түзүп, душманга сокку берүү мүмкүн.

       Прогрессивдүү Демилгелер Фонду кайсы бир чиновник, же бир партия, же бир
конкреттүү жаран менен күрөшүүгө чакырбайт, айтылган терс сапаттарды коомубуздан
сүрүп чыгарууга чакырат. Фонд коомдун бардык мүчөлөрүн бириктирүүнүн жолдорун
көргөзүп, жогорудагы позитив чынжырын куруунун реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн
сунуштайт. Бүгүнкү кымкууттан чыгуунун жаркын жолу болгону менен, ал жолдо ар
бирөөбүз жалгыз кадам таштап келе жатабыз: жаштардын кыймылдары ар түркүн
коомдук иш чараларды аткаруу менен; ал эми бизнес чөйрөсү өлкөдөгү туруксуз абалга
карабастан ишин алып баруусу менен. Ар бирөөбүз коомдогу абалды көрүп турабыз жана
ар бирибизде мамлекетке кандай жардам беребиз деген ой жашап келет. Ошондуктан буга
чейин ууручулукту жок кылуу, баңги заттар менен күрөшүү, спорт менен машыгып, ден
соолуктуу жашоо жана ынтымакта болуу тууралуу ар түркүн ролик, иш-чараларды көрүп,
угуп келе жатабыз, бирок бул аракеттер Кыргызстандын жалпы элин өзгөртө албай жатат.
Жалгыздын иши жалгызчалык, бул аракеттер бир жолу гана кылынган иш сымал. Биздин
Фонд биригүүнү сунуштайт, дагы бир жолу тажабай кайталайбыз, бардык аракет, энергия
жана    мүмкүнчүлүктөрдүн      (техникалык,   адамдык    капитал    мүмкүнчүлүктөр)
консолидациясына чакырат.

      Биздин Фонд даяр механизм жана аянттарды сунуштап, ошол коллективдүү
интеллекттен жаратмандык демилгелерди жаратууга жана аларды ишке ашырууга
чакырат. Аны менен бирге бул иш-аракеттердин баарын бир багытта координациялоодон
терс сапаттарды түп тамырынан жок кылуу туруктуу жана пландуу түрдө боло
тургандыгын белгилеп кетет.

      Фонд ар бир квартал сайын конкреттүү багыттарды да сунуштайт.
Биринчи квартал – бул үмүт жана ишеничтин, жарандарга оптимизмди
сиңиртүүнүн кварталы болуп, «Жакшы Ниет – Жарым Ырыс» деген лозунгдун
астында коомчулуктун катышуусу менен уюшулган иш чаралардын катарын белгилейт.
Мисалы, белгиленген лозунг астында бир нече иш чаралардын катары ишке аша турган
болсо, семинар, ролик, же флешмоб түрүндө болуп «ыр кесе» катары бир областтан
экинчи областка өтсө, албетте, коомго оптимизмди сиңиртүү жана позитив чынжырын
куруу жеңил жана тез болмокчу. Бул позитивди жаштардын кыймылы, активдүү
жарандар, бизнес коому, же мамлекеттин келечегин ойлогон ар ким жаратышы мүмкүн.
Бул позитив пландуу түрдө, конкреттүү координациянын алдында коомдогу
айкынсыздык, ишенбөөчүлүк, кайдыгерлик сезимдерин сүрүп, ишенич жана кайраттуулук
сезимдерин арттырат. Бул позитив, бул проекттин алдында биздин канчалык деңгээлде
бирге жана эффективдүү иштөөбүздөн көз каранды экенин баса белгилөө зарыл.

      Экинчи квартал – бул элдин биргелешүүсүн жана ынтымагын пропагандалоо
кварталы болуп, «Желбиресин Биримдик Байрагы» аттуу лозунгдун астында өтөт.
Мисалы, бир жаштар кыймылы ар бир аймакта караван-тур өткөрүп, ар бир жаранды
ынтымакка чакыргысы келди, бирок бул демилгени иш жүзүнө ашыруу үчүн
материалдык, моралдык жана техникалык колдоо керек. Биздин биргелешкен күчүбүз бул
демилгенин эффективдүү жана пайдалуу экенинин далилине ишенген соң, бирибиз
финансылык жактан, экинчибиз техникалык жактан, үчүнчүбүз моралдык жактан (бул да
чоң рол ойнойт) колдоо көрсөтсө, натыйжада өз потенциалыбызга, бириккен аракет жана
мүмкүнчүлүктөргө гана таянуу менен коомубузду өзгөртө алабыз.

       Биз туруктуу, пландуу, координациялуу иш сөзсүз бир нерсени өзгөртөт деп
толук ишенебиз. Бул синергия жакшы жыйынтыкка алып келет экенине бизде шек жок.

      Үчүнчү квартал – бул ишкердик маданиятын жайылтуу жана чыңдоо
кварталы болуп, «Байлык Эмгектен Жаралат» деген лозунг астында өтөт. XXI кылым –
инновация жана ишкердиктин кылымы. Учурда бул маданият биздин коомдо толук
түшүнүлүп, таркаган эмес. Жалпы элдин калың катмары жеке ишкердиктин принцип жана
ийгиликке жетүү жолдорунан кабардар эмес. Бул багытта агартуу иштерин SIFE (эркин
ишкердүүлүктөгү студенттер) жаштар кыймылы ж.б.у.с. жүргүзүп жатканы менен,
бардык элди маалымат менен камсыздоо дагы эле толук ишке аша элек. Ал эми бул
квартал ичинде конкурсттардын жыйынтыгында, белгиленген багыттагы иш-чаралардын
дагы бир катары аныкталган болсо, процесс мөөнөт жана камтыган элдин катмары
жагынан эффективдүү болмок. Биздин аракеттерибиздин консолидациясы т.а. бирибиздин
адамдык капиталыбыз (мисалы, семинар өткөрө алган профессионалдуу адамдар),
бирибиздин материалдык мүмкүнчүлүгүбүз (финансылык жактан колдоо), ал эми
үчүнчүбүздүн ушул иш-чараны жайылтуу, пропагандалоо шартыбыз (ММК, гезит жана
ТВде), жада калса өткөрүүгө мүмкүн болгон жайды сунуштообуз, бардыгыбыздын
мамлекетке жардам берүү ниетибиздин чындыгын, ак дилибизден экенин аныктайт десек
жаңылышпайбыз.

     Төртүнчү квартал – бул жоопкерчиликти жайылтуу жана ар бир жаранды
мамлекеттин келечеги үчүн жооптуу болуу сезимине чакыруу кварталы болуп,
«Жоопкерчиликтүү Эл - Күчтүү Мамлекет» деген лозунгдун астында болмокчу.
Мындан кийинки кварталдар да белгилүү багыттарга бөлүнүп, тиешелүү иш-чараларды
конкурстун негизинде тандап, аларды пландуу түрдө ишке ашыруу менен коомдогу жана
аң-сезимибизде сиңип келе жаткан терс сапаттарды жок кылуу ылдамдыгын тездетет.

      Биз бузууга, алып таштоо, алмаштырууга чакырбайбыз, биз жаратууга үндөйбүз.
Эч кандай кара ниет, эч кандай доминация жок, бир гана конструктивдүү күрөш, таза
конкуренция жана консолидация бар. Эгер бир адам өзүн коомчулуктун ичинде сезсе, ал
ошол коомго бир гана материалдык баалуулуктарды бербестен, жаратпастан, ал өзүн да
жаратат. Жарандуулук духу болгон иште, өзүн өзү тарбиялоонун чыныгы башаты жатат.
Биз Сиздерди терс сапаттар менен күрөшүүгө чакырып, өзүн өзү өнүктүрүүгө үгүттөйбүз.

      Кыргызстанда жаштар кыймылы (Бишкекте гана активдүү деген 14төн кем эмес
кыймыл бар), коомдук фонддор, бирикме ж.б. уюмдар абдан көп. Бардыгы политикадан
алыс реалдуу иштерди кылып, проблемаларды чечүүнүн конкреттүү жолдорун сунуштап,
бүтүндөй бир концепция жана механизмдерди жарыялап келе жатышат. Финансылык,
моралдык кыйынчылыктарга, мамлекеттик бийликтин жана жалпы коомдун колдоосунун
жоктугуна карабастан максаттарына талпынып гана келе жатышат. Биздин Фонд
Сиздердин катарыңарда туруп, реалдуу проекттерди (бир кварталда 5тен кем эмес)
жаратып, аларды ишке ашыруу менен өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууну каалайт.

       Биз бири-бирибизди тааныйбыз. Ар бирибиз мамлекеттин өнүгүшүн каалайт жана
бирөөбүз коррупция менен, экинчибиз трайбализм менен, ал эми үчүнчүбүз
манкуртчулук менен күрөшүп, төртүнчүбүз улуттук баалуулуктарды сактоо аракети
менен, бешинчибиз укуктук маселелерди чечүү менен салым кошуп келгени келген, бирок
биз көбүнчө бири-бирибизди уккубуз да келбейт. Бардык ишибиз ак ниеттен жакшылык
үчүн, бирок тилекке каршы, биз бирге иштөө жана бизге кулак салууга жете албадык. Эң
негизги маселе – бул ортобуздагы координациянын жоктугу. Фонд биригүү демилгесин
көтөрүп, реалдуу жана виртуалдуу аянттарды камсыз кылуу менен бир багытта, бир дем
менен иштөөнү жана иш-аракетерибиздин координациясын сунуштайт. Бул аянттарда биз
коомдогу маселелер тууралууу ой пикирлерибизди угуп, кеңешип, бир чечимге келе
алабыз. Дагы да мобилдүү, реактивдүү, эффективдүү болуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Биз
убада берүүдөн алыспыз, биз Сиздер менен бирге, Сиздердин жардамыңар менен
айланабыздагы абалды өзгөртүү гана аракетиндебиз. Сиздердин проектиңер жана биздин
проекттер бир багытта коомдогу терс сапаттарга каршы жеңилгис курал болуп, бул
паразиттерден кутула турган болсок, коомдо уурдоо, алдоо, кайдыгерлик менен эч нерсе
кылбай олтуруу абдан уят абал болуп чыга келмекчи.

      Биздин мүмкүнчүлүк жана Сиздердин потенциалды терең анализдөөдөн кийин
чечкиндүү түрдө биздин иш-аракеттерибиздин координациясы күтүлгөн натыйжаларга
алып келет деп толук айта алабыз.

       «Акыркы сөз коомдун ою менен» дегендей, коомчулук биздин аракетибизди
баалап, ар бирибиз белгилүү жеңишке ээ болобуз. Биз Сиздер менен бирге бул абалды
күтөбүз. Келгиле, коомго эффективдүү түрдө пайдалуу болобуз, биригебиз, иштешебиз!!!

Contenu connexe

Similaire à кайрылуу

суроо жооп
суроо жоопсуроо жооп
суроо жоопfpi
 
энергия мысли кырг
энергия мысли кыргэнергия мысли кырг
энергия мысли кыргfpi
 
акыл кубаты программасы
акыл кубаты программасыакыл кубаты программасы
акыл кубаты программасыfpi
 
прогрессивдүү демилгелер фонду
прогрессивдүү демилгелер фондупрогрессивдүү демилгелер фонду
прогрессивдүү демилгелер фондуfpi
 
идеялык карта
идеялык картаидеялык карта
идеялык картаfpi
 
идеялык карта1111
идеялык карта1111идеялык карта1111
идеялык карта1111fpi
 

Similaire à кайрылуу (6)

суроо жооп
суроо жоопсуроо жооп
суроо жооп
 
энергия мысли кырг
энергия мысли кыргэнергия мысли кырг
энергия мысли кырг
 
акыл кубаты программасы
акыл кубаты программасыакыл кубаты программасы
акыл кубаты программасы
 
прогрессивдүү демилгелер фонду
прогрессивдүү демилгелер фондупрогрессивдүү демилгелер фонду
прогрессивдүү демилгелер фонду
 
идеялык карта
идеялык картаидеялык карта
идеялык карта
 
идеялык карта1111
идеялык карта1111идеялык карта1111
идеялык карта1111
 

Plus de fpi

акыл тирек конкурсуна катышуунун жобосу
акыл тирек конкурсуна катышуунун жобосуакыл тирек конкурсуна катышуунун жобосу
акыл тирек конкурсуна катышуунун жобосуfpi
 
акыл тирек конкурсу
акыл тирек конкурсуакыл тирек конкурсу
акыл тирек конкурсуfpi
 
идейный прорыв кырг
идейный прорыв кыргидейный прорыв кырг
идейный прорыв кыргfpi
 
дипломатическая академия мида кр
дипломатическая академия мида крдипломатическая академия мида кр
дипломатическая академия мида крfpi
 
кэу. анкета обратной связи
кэу. анкета обратной связикэу. анкета обратной связи
кэу. анкета обратной связиfpi
 
определение приоритетных тем
определение приоритетных темопределение приоритетных тем
определение приоритетных темfpi
 
стратегиялык документтерди даярдоо боюнча кыскача маалымат
стратегиялык документтерди даярдоо боюнча кыскача маалыматстратегиялык документтерди даярдоо боюнча кыскача маалымат
стратегиялык документтерди даярдоо боюнча кыскача маалыматfpi
 
разделение тем на этапы
разделение тем на этапыразделение тем на этапы
разделение тем на этапыfpi
 
возможные риски
возможные рискивозможные риски
возможные рискиfpi
 
какие методы и направления являются приоритетными
какие методы и направления являются приоритетнымикакие методы и направления являются приоритетными
какие методы и направления являются приоритетнымиfpi
 
энергия мысли
энергия мыслиэнергия мысли
энергия мыслиfpi
 
программа энергия мысли
программа энергия мыслипрограмма энергия мысли
программа энергия мыслиfpi
 
программа энергия мысли
программа энергия мыслипрограмма энергия мысли
программа энергия мыслиfpi
 
требования к структуре и содержанию соц. проекта
требования к структуре и содержанию соц. проектатребования к структуре и содержанию соц. проекта
требования к структуре и содержанию соц. проектаfpi
 
положение созидательные инициативы
положение  созидательные инициативыположение  созидательные инициативы
положение созидательные инициативыfpi
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная картаfpi
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная картаfpi
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная картаfpi
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная картаfpi
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная картаfpi
 

Plus de fpi (20)

акыл тирек конкурсуна катышуунун жобосу
акыл тирек конкурсуна катышуунун жобосуакыл тирек конкурсуна катышуунун жобосу
акыл тирек конкурсуна катышуунун жобосу
 
акыл тирек конкурсу
акыл тирек конкурсуакыл тирек конкурсу
акыл тирек конкурсу
 
идейный прорыв кырг
идейный прорыв кыргидейный прорыв кырг
идейный прорыв кырг
 
дипломатическая академия мида кр
дипломатическая академия мида крдипломатическая академия мида кр
дипломатическая академия мида кр
 
кэу. анкета обратной связи
кэу. анкета обратной связикэу. анкета обратной связи
кэу. анкета обратной связи
 
определение приоритетных тем
определение приоритетных темопределение приоритетных тем
определение приоритетных тем
 
стратегиялык документтерди даярдоо боюнча кыскача маалымат
стратегиялык документтерди даярдоо боюнча кыскача маалыматстратегиялык документтерди даярдоо боюнча кыскача маалымат
стратегиялык документтерди даярдоо боюнча кыскача маалымат
 
разделение тем на этапы
разделение тем на этапыразделение тем на этапы
разделение тем на этапы
 
возможные риски
возможные рискивозможные риски
возможные риски
 
какие методы и направления являются приоритетными
какие методы и направления являются приоритетнымикакие методы и направления являются приоритетными
какие методы и направления являются приоритетными
 
энергия мысли
энергия мыслиэнергия мысли
энергия мысли
 
программа энергия мысли
программа энергия мыслипрограмма энергия мысли
программа энергия мысли
 
программа энергия мысли
программа энергия мыслипрограмма энергия мысли
программа энергия мысли
 
требования к структуре и содержанию соц. проекта
требования к структуре и содержанию соц. проектатребования к структуре и содержанию соц. проекта
требования к структуре и содержанию соц. проекта
 
положение созидательные инициативы
положение  созидательные инициативыположение  созидательные инициативы
положение созидательные инициативы
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная карта
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная карта
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная карта
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная карта
 
идейная карта
идейная картаидейная карта
идейная карта
 

кайрылуу

  • 1. Жаркын келечек үчүн кызматташтыкка чакыруу Жалгыз адам кыла албаганды, биргелешкен коом жасаган, акылдар менен колдун ынтымагы, бир багытта элдин болгон күч дымагы. Даниел Уэбстер. Биздин коомдо учурда абдан күчтүү душман бар. Ал партия, же уюм, же бир конкреттүү адам эмес, ал коомдогу терс сапаттар: трайбализм, коррупция, кайдыгерлик, жоопкерчиликтин жоктугу жана бөлүнүп жарылуу түшүнүгү сыяктуу терс көрүнүштөр. Бул сапаттар биринин аркасынан бирин улап, агрессия жана башка зыяндуу сапаттардын чынжыр катарын чубап келе жатат. Биз бул жолдон терең аңга батып баратканыбызды сезип турсак да,ошол аңга матырылып бара жатабыз. Мисалы, коррупция – бул жөнөкөй тил менен айтканда «ууручулук». Азыркы учурда уурдоо коомубузда нормалдуу көрүнүш болуп жатат. Ал эми жоопкерчиликтин жоктугу ар бир жаранда терең отурукташып, бул да нормага айланды. Албетте, мындай нормалар менен жашаган коомго уят, шерменделик дегенден башка эмнени айтуу мүмкүн. Бирок, чын чынына келгенде биз бул көрүнүштөр, бул ачык душман менен күрөшүүгө алыбыз жетет. Бардык аракет, энергия жана мүмкүнчүлүктөрдү бириктирип, жаратмандык багытында позитивдүү көрүнүштөрдүн чынжырын түзүп, душманга сокку берүү мүмкүн. Прогрессивдүү Демилгелер Фонду кайсы бир чиновник, же бир партия, же бир конкреттүү жаран менен күрөшүүгө чакырбайт, айтылган терс сапаттарды коомубуздан сүрүп чыгарууга чакырат. Фонд коомдун бардык мүчөлөрүн бириктирүүнүн жолдорун көргөзүп, жогорудагы позитив чынжырын куруунун реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн сунуштайт. Бүгүнкү кымкууттан чыгуунун жаркын жолу болгону менен, ал жолдо ар бирөөбүз жалгыз кадам таштап келе жатабыз: жаштардын кыймылдары ар түркүн коомдук иш чараларды аткаруу менен; ал эми бизнес чөйрөсү өлкөдөгү туруксуз абалга карабастан ишин алып баруусу менен. Ар бирөөбүз коомдогу абалды көрүп турабыз жана ар бирибизде мамлекетке кандай жардам беребиз деген ой жашап келет. Ошондуктан буга чейин ууручулукту жок кылуу, баңги заттар менен күрөшүү, спорт менен машыгып, ден соолуктуу жашоо жана ынтымакта болуу тууралуу ар түркүн ролик, иш-чараларды көрүп, угуп келе жатабыз, бирок бул аракеттер Кыргызстандын жалпы элин өзгөртө албай жатат. Жалгыздын иши жалгызчалык, бул аракеттер бир жолу гана кылынган иш сымал. Биздин Фонд биригүүнү сунуштайт, дагы бир жолу тажабай кайталайбыз, бардык аракет, энергия жана мүмкүнчүлүктөрдүн (техникалык, адамдык капитал мүмкүнчүлүктөр) консолидациясына чакырат. Биздин Фонд даяр механизм жана аянттарды сунуштап, ошол коллективдүү интеллекттен жаратмандык демилгелерди жаратууга жана аларды ишке ашырууга чакырат. Аны менен бирге бул иш-аракеттердин баарын бир багытта координациялоодон терс сапаттарды түп тамырынан жок кылуу туруктуу жана пландуу түрдө боло тургандыгын белгилеп кетет. Фонд ар бир квартал сайын конкреттүү багыттарды да сунуштайт.
  • 2. Биринчи квартал – бул үмүт жана ишеничтин, жарандарга оптимизмди сиңиртүүнүн кварталы болуп, «Жакшы Ниет – Жарым Ырыс» деген лозунгдун астында коомчулуктун катышуусу менен уюшулган иш чаралардын катарын белгилейт. Мисалы, белгиленген лозунг астында бир нече иш чаралардын катары ишке аша турган болсо, семинар, ролик, же флешмоб түрүндө болуп «ыр кесе» катары бир областтан экинчи областка өтсө, албетте, коомго оптимизмди сиңиртүү жана позитив чынжырын куруу жеңил жана тез болмокчу. Бул позитивди жаштардын кыймылы, активдүү жарандар, бизнес коому, же мамлекеттин келечегин ойлогон ар ким жаратышы мүмкүн. Бул позитив пландуу түрдө, конкреттүү координациянын алдында коомдогу айкынсыздык, ишенбөөчүлүк, кайдыгерлик сезимдерин сүрүп, ишенич жана кайраттуулук сезимдерин арттырат. Бул позитив, бул проекттин алдында биздин канчалык деңгээлде бирге жана эффективдүү иштөөбүздөн көз каранды экенин баса белгилөө зарыл. Экинчи квартал – бул элдин биргелешүүсүн жана ынтымагын пропагандалоо кварталы болуп, «Желбиресин Биримдик Байрагы» аттуу лозунгдун астында өтөт. Мисалы, бир жаштар кыймылы ар бир аймакта караван-тур өткөрүп, ар бир жаранды ынтымакка чакыргысы келди, бирок бул демилгени иш жүзүнө ашыруу үчүн материалдык, моралдык жана техникалык колдоо керек. Биздин биргелешкен күчүбүз бул демилгенин эффективдүү жана пайдалуу экенинин далилине ишенген соң, бирибиз финансылык жактан, экинчибиз техникалык жактан, үчүнчүбүз моралдык жактан (бул да чоң рол ойнойт) колдоо көрсөтсө, натыйжада өз потенциалыбызга, бириккен аракет жана мүмкүнчүлүктөргө гана таянуу менен коомубузду өзгөртө алабыз. Биз туруктуу, пландуу, координациялуу иш сөзсүз бир нерсени өзгөртөт деп толук ишенебиз. Бул синергия жакшы жыйынтыкка алып келет экенине бизде шек жок. Үчүнчү квартал – бул ишкердик маданиятын жайылтуу жана чыңдоо кварталы болуп, «Байлык Эмгектен Жаралат» деген лозунг астында өтөт. XXI кылым – инновация жана ишкердиктин кылымы. Учурда бул маданият биздин коомдо толук түшүнүлүп, таркаган эмес. Жалпы элдин калың катмары жеке ишкердиктин принцип жана ийгиликке жетүү жолдорунан кабардар эмес. Бул багытта агартуу иштерин SIFE (эркин ишкердүүлүктөгү студенттер) жаштар кыймылы ж.б.у.с. жүргүзүп жатканы менен, бардык элди маалымат менен камсыздоо дагы эле толук ишке аша элек. Ал эми бул квартал ичинде конкурсттардын жыйынтыгында, белгиленген багыттагы иш-чаралардын дагы бир катары аныкталган болсо, процесс мөөнөт жана камтыган элдин катмары жагынан эффективдүү болмок. Биздин аракеттерибиздин консолидациясы т.а. бирибиздин адамдык капиталыбыз (мисалы, семинар өткөрө алган профессионалдуу адамдар), бирибиздин материалдык мүмкүнчүлүгүбүз (финансылык жактан колдоо), ал эми үчүнчүбүздүн ушул иш-чараны жайылтуу, пропагандалоо шартыбыз (ММК, гезит жана ТВде), жада калса өткөрүүгө мүмкүн болгон жайды сунуштообуз, бардыгыбыздын мамлекетке жардам берүү ниетибиздин чындыгын, ак дилибизден экенин аныктайт десек жаңылышпайбыз. Төртүнчү квартал – бул жоопкерчиликти жайылтуу жана ар бир жаранды мамлекеттин келечеги үчүн жооптуу болуу сезимине чакыруу кварталы болуп, «Жоопкерчиликтүү Эл - Күчтүү Мамлекет» деген лозунгдун астында болмокчу. Мындан кийинки кварталдар да белгилүү багыттарга бөлүнүп, тиешелүү иш-чараларды
  • 3. конкурстун негизинде тандап, аларды пландуу түрдө ишке ашыруу менен коомдогу жана аң-сезимибизде сиңип келе жаткан терс сапаттарды жок кылуу ылдамдыгын тездетет. Биз бузууга, алып таштоо, алмаштырууга чакырбайбыз, биз жаратууга үндөйбүз. Эч кандай кара ниет, эч кандай доминация жок, бир гана конструктивдүү күрөш, таза конкуренция жана консолидация бар. Эгер бир адам өзүн коомчулуктун ичинде сезсе, ал ошол коомго бир гана материалдык баалуулуктарды бербестен, жаратпастан, ал өзүн да жаратат. Жарандуулук духу болгон иште, өзүн өзү тарбиялоонун чыныгы башаты жатат. Биз Сиздерди терс сапаттар менен күрөшүүгө чакырып, өзүн өзү өнүктүрүүгө үгүттөйбүз. Кыргызстанда жаштар кыймылы (Бишкекте гана активдүү деген 14төн кем эмес кыймыл бар), коомдук фонддор, бирикме ж.б. уюмдар абдан көп. Бардыгы политикадан алыс реалдуу иштерди кылып, проблемаларды чечүүнүн конкреттүү жолдорун сунуштап, бүтүндөй бир концепция жана механизмдерди жарыялап келе жатышат. Финансылык, моралдык кыйынчылыктарга, мамлекеттик бийликтин жана жалпы коомдун колдоосунун жоктугуна карабастан максаттарына талпынып гана келе жатышат. Биздин Фонд Сиздердин катарыңарда туруп, реалдуу проекттерди (бир кварталда 5тен кем эмес) жаратып, аларды ишке ашыруу менен өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууну каалайт. Биз бири-бирибизди тааныйбыз. Ар бирибиз мамлекеттин өнүгүшүн каалайт жана бирөөбүз коррупция менен, экинчибиз трайбализм менен, ал эми үчүнчүбүз манкуртчулук менен күрөшүп, төртүнчүбүз улуттук баалуулуктарды сактоо аракети менен, бешинчибиз укуктук маселелерди чечүү менен салым кошуп келгени келген, бирок биз көбүнчө бири-бирибизди уккубуз да келбейт. Бардык ишибиз ак ниеттен жакшылык үчүн, бирок тилекке каршы, биз бирге иштөө жана бизге кулак салууга жете албадык. Эң негизги маселе – бул ортобуздагы координациянын жоктугу. Фонд биригүү демилгесин көтөрүп, реалдуу жана виртуалдуу аянттарды камсыз кылуу менен бир багытта, бир дем менен иштөөнү жана иш-аракетерибиздин координациясын сунуштайт. Бул аянттарда биз коомдогу маселелер тууралууу ой пикирлерибизди угуп, кеңешип, бир чечимге келе алабыз. Дагы да мобилдүү, реактивдүү, эффективдүү болуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Биз убада берүүдөн алыспыз, биз Сиздер менен бирге, Сиздердин жардамыңар менен айланабыздагы абалды өзгөртүү гана аракетиндебиз. Сиздердин проектиңер жана биздин проекттер бир багытта коомдогу терс сапаттарга каршы жеңилгис курал болуп, бул паразиттерден кутула турган болсок, коомдо уурдоо, алдоо, кайдыгерлик менен эч нерсе кылбай олтуруу абдан уят абал болуп чыга келмекчи. Биздин мүмкүнчүлүк жана Сиздердин потенциалды терең анализдөөдөн кийин чечкиндүү түрдө биздин иш-аракеттерибиздин координациясы күтүлгөн натыйжаларга алып келет деп толук айта алабыз. «Акыркы сөз коомдун ою менен» дегендей, коомчулук биздин аракетибизди баалап, ар бирибиз белгилүү жеңишке ээ болобуз. Биз Сиздер менен бирге бул абалды күтөбүз. Келгиле, коомго эффективдүү түрдө пайдалуу болобуз, биригебиз, иштешебиз!!!