SlideShare une entreprise Scribd logo
1  sur  121
Télécharger pour lire hors ligne
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
Иш кагаздарын мамлекеттик тилде
жүргүзүү
Бишкек – 2012
Өздүк иш кагаздары жарандар тарабынан
даярдалат. Мындай иш кагаздары жарандар
менен жарандардын же жарандар менен
мекемелердин ортосундагы түрдүү укуктук
мамилелерди тейлейт. Ушундан улам өздүк
иш кагаздарын – жеке-уюштуруу, же
болбосо расмий эмес иш кагаздары деп дагы
белгиленип жүрөт. Аларга: арыз, түшүнүк кат,
тил кат, өмүр баян, анкета, өздүк баракча,
кулактандыруу, жарыя жана башкалар кирет.
Уюштуруу-тескеме иш кагаздарына өкмөт, мамлекет
тарабынан кабыл алынган расмий иш кагаздары кирет.
Аларга токтом, жарлык, буйрук, көрсөтмө, акт,
тескеме, пртокол ошондой эле уюштуруу, башкаруу
мүнөзүндөгү башка иш кагаздары да кирет. Негизинен,
иш кагаздарынын ичинен уюштуруу-тескеме иш
кагаздары саны, аткарылуу өзгөчөлүгү жана түрлөрү
боюнча жеке-уюштуруу иш кагаздарынан кескин
айырмаланат. “Расмий иш кагаздары” деген атоонун
өзү да шарттуу болуп саналат. Ошол себептен,
“расмий иш кагаздары” деген атоо бул китепте,
уюштуруу-тескеме иш кагаздары (организационно-
распорядительные документы) деген атоо менен аталат
(КРдин №370 токтомуна ылайык).
 Ички иш кагаздары -
белгилүү бир уюмдун
ичинде, анын
мүчөлөрүнүн ортосунда
же жеке адамдар менен
ошол уюмдун ичинде
гана пайдаланылат.
Мындай иш кагаздарга:
арыз, түшүнүк кат, тил
кат, буйрук, өздүк
баракча, мүнөздөмө,
өмүр баян, таржымал
ж.б. кирет.
 Тышкы иш кагаздары –
уюм жана мекемелер
ортосунда же алар менен
жеке адамдардын
ортосунда түрдүү
мамилелерди тейлөө
үчүн колдонулуучу иш
кагаздары. Мындай иш
кагаздарына ишеним
кат, кызмат каттары, иш
сапар күбөлүгү,
келишим ж.б. кирет.
Иш кагаздарын түзүлүшүнө жана мазмунуна карап
жөнөкөй жана татаал деп бөлүүгө болот.
 Жөнөкөй иш кагаздары текстте зарыл болгон бир гана
маселени камтыйт. Мисалы, көлөмү канча экенине
карабастан, ар кандай өмүр баян бир гана маселени,
бир адамдын турмушта басып өткөн жолун баяндайт.
 Татаал иш кагаздары текстте эки же андан көп
маселени камтыйт. Мисалы, буйрукта аткарылуучу
иштер атайын параграфтар менен белгиленет (1§та
кимдир бирөө жумушка алынса, 2§та кимдир бирөө
кызматтан бошотулат). Чогулуш протоколун да татаал
иш кагаздар тобуна кошууга болот. Бирок иш
кагаздарын мазмунуна карай жөнөкөй жана татаал иш
кагаздары деп бөлүү шартуу мүнөзгө ээ. Себеби, кээде
буйрук да, чогулуштун протоколу да бир эле маселени
камтып калышы мүмкүн.
Иш кагаздары маалыматтык жана эрк билдирүүчү
иш кагаздары болуп да бөлүнөт. Маалыматтык иш
кагаздарына маалым кат, тил кат, түшүнүк кат,
мүнөздөмө, таржымал ж.б. кирет. Булардын
мазмунунда иш кагазынын ээси тууралуу маалымат
берилет. Ал эми эрк билдирүүчү, башкача айтканда,
буйрук берилген иш кагаздарына токтом, чечим,
көрсөтмө, тескеме, жарлык, жобо, устав ж.б. иш
кагаздары кирет. Мында иш кагаздарынын
аталыштары айтып тургандай, буйрук берген, тескеген
иш кагаздары - эрк билдирүүчү иш кагаздары
(волюнтативдик) болуп саналат. Кээде айрым иш
кагаздары жогорудагы эки маселени тең камтыйт,
маселен, протокол.
Иш кагаздарында колдонулган сөз каражаттарына карай иш
кагаздарын эркин регламенттелген, атайын регламенттелген,
жарым жартылай регламенттелген деп ажыратууга болот.
 Эркин регламенттелген
(түзүлгөн) иш кагаздарына
арыз, тил кат, түшүнүк кат,
таржымал, өмүр баян,
мүнөздөмө ж.б. кирет.
Себеби аларда туюндурулган
мазмун, каралган маселе
бири-биринен айырмаланат,
эркин түзүлөт.
 Атайын регламенттелген иш
кагаздарына токтом, мыйзам,
кодекстер, жобо, чечим,
тескеме, нускама, көрсөтмө,
буйрук ж.б. иш кагаздары
кирет. Мындай иш
кагаздарында козголгон
маселелер ар кандай болгону
менен, өзүнө тиешелүү,
мүнөздүү сөздөр менен
жазылат жана түзүлөт.
Иш кагаздарынын маалым даректери:
1.Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби;
2.Уюмдун эмблемасы;
3.Уюмдун алган сыйлыгынын сүрөтү;
4.Уюмдун жалпы классификатор боюнча коду;
5.Башкаруу иш кагазынын жалпы классификатор боюнча коду;
6. Министрликтин же ведомствонун аталышы;
7. Мекеменин аталышы;
8. Түзүмдүк тармактын же бөлүмдүн аталышы;
9. Байланыш ишканасынын индекси, почта жана телеграф дареги,
телетайп номери, телефакстын коду, телефон номери, банктагы
өздүк эсеп;
10. Иш кагаздын түрүнүн аты;
11. Дата (жыл, күн, ай);
12. Катар номери (индекси);
13. Иш кагаздын келип түшкөн датасына жана индекске шилтеме;
14.Түзүлгөн же басылган жайы;
15.Иш кагазын пайдаланууга чек койгон гриф (“Кызматта
пайдалануу үчүн”, “Жашыруун”, “Өтө жашыруун”);
16.Иш кагазын алуучу (адресат);
17. Бекитүү грифи;
18. Резалюция;
19.Тексттин аталышы;
20. Көзөмөлдөө жөнүндөгү белги;
21.Текст;
22. Тиркеменин бар экендиги жөнүндө белги;
23. Колу;
24. Макулдашуу грифи;
25. Макулдук белги (виза);
26. Мөөр;
27. Көчүрмөнүн күбөлөндүрүлгөнү тууралуу белги;
28. Аткаруучунун аты-жөнү, телефон номери;
29. Иш кагазынынын аткарылгандыгы жана анын иш кагаздар
көктөмөсүнө (делого) жиберилгендиги жөнүндө белги;
30. Иш кагазындагы маалыматтардын машинада сакталгандыгы
жөнүндө белги;
31. Иш кагазынын келип түшкөндүгү жөнүндө белги.
Иш кагаздарынын бланкы
Кызмат иш кагаздары А4 (210х297) менен А5 (148х210)
форматында басмаканада басылып чыгарылган жана МАМСТ
9327-60 талаптарына ылайык келген бланктарга даярдалат.
Документтердин айрым түрлөрү үчүн А3 (297х420) фоматын
колдонууга жол берилет[1].
Бланктардын талаалары төмөндөгүдөй: сол жагы – 20-35 мм, оң
жагы - 8 мм, үстү жагы кеминде - 10 мм, төмөн жагы кеминде – 8
мм.
Мекеменин бланкы жок болгон учурда документке ошол
мекеменин бурч мөөрү коюлат. Бланк бир түстөгү, негизинен,
кара боёк менен жана ак түстөгү кагазга басылат. МАМСТ 6.38-
90 стандартында бланктарды басууда сунуш кылынуучу
басмаканалык тарифтер көрсөтүлгөн (Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2002-жылдын 30-сентябрындагы № 665 токтомунун
редакциясына ылайык).
[1] Кыргыз Республикасында башкарууну документ менен камсыз кылуу (иш кагаздарын жүргүзүү) боюнча
Типтүү нускоо. 1995-жылдын 25-августу, №370 токтом.
Иш кагаздарынын аталышы жана жазылышы
Иш кагаздарынын аталышы анын темасы болуп саналат. Иш
кагаздарынын аталышы баш тамгалар менен жазылат жана
ташымалданбайт, аягына чекит коюлбайт. Документтин аталышы он
тамгага жетпесе, ортолору боштук менен ажыратылат:
Т О К Т О М, А К Т, Ж А Р Л ЫК, К Е Л И Ш И М. Эгерде аталыштар
узун болсо, кийинки саптарга бөлүнүп жазылат, бирок ташымалданбайт.
Иш кагазынын аталышы менен текст аралыгы тексттин интервалына
жараша коюлат. Мисалы: текст бир жарым интервал менен терилсе,
документтин аталышы менен тексттин аралыгы үч болот. Ошондой эле
кээде тексттен кийин тема (аталышы) келе турган болсо, экөөнүн ортосу
эки эсеге көбөйтүлөт. Мисалы: текст эки интервал менен жазылса, текст
менен теманын аралыгы төрт болууга тийиш. Иш кагаздардын
аталыштары, негизинен, кагаздын ортосуна жазылат. Эгерде текст
көлөмдүү болуп бир нече барактан турса, ага номер коюлат. Иш
кагаздарынын биринчи бетине номер коюлбайт да, ал биринчи бет деп
эсептелет. Номер араб цифрасы менен барактын ортосуна жогорку
талаадан 10-15 мм ылдый аралыкта чекитсиз жана сызыкчасыз коюлат.
Иш кагаздарын жөнөтүү
Иш кагаздарын даректерге жөнөтүүдө төмөнкү
учурлар эске алынууга тийиш.
1. Мисалы:
Кыргыз
Республикасынын
Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик
архив агенттиги
Уюштуруучу-методикалык
бөлүмдүн башчысы
Д.И.Казыевага
2. Иш кагазы мекеменин жетекчисине багышталса, мекеменин,
уюмдун аталышы алуучунун кызмат курамына кирет:
3. Бир тектүү уюмдарга, мекемелерге документ жөнөтүүдө алуучу
жалпыланып көрсөтүлөт. Мисалы:
Кыргыз
Республикасынын Тышкы иштер министри
Тышкы иштер министри
Р.А.Казакбаевге
Министрликтер менен ведомстволорго
Мектептердин директорлоруна
Иш кагазын жарандарга жөнөтүүдө биринчи почта
дареги, андан кийин алуучунун аты-жөнү көрсөтүлөт.
Мисалы:
720041, Бишкек шаары,
Чуйков көчөсү, 21
А.С. Кутмановага
Кыргыз тилинде адамдын аты менен атасынын аты
кыскартылып фамилиядан мурун жазылат. Ал эми
куттуктоолордо, маарекелерде, чакырууларда кат
алуучунун аты жана атасынын аты чечмеленип
берилет: Мисалы, А.Кутманова эмес, Айнура
Сагыновна!
Иш кагазын күбөлөндүрүү
Иш кагаздарынын кээ бир түрлөрү өзгөчөлүгүнө
карата уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Мамлекеттик деңгээлдеги документтердин (мисалы:
жарлык, өкмөттүк токтом, буйрук, тескеме) кол
коюлган түп нускасы өздөрүндө сакталат, ал эми
алардын тийиштүү мекемелерге жөнөтүлүүчү
көчүрмөлөрүнө колдун көчүрмөсүсүз эле мөөр басып
жөнөтүү жетиштүү. Мөөр коюлган мындай
документтер түп нуска катары эсептелет. Мисалы
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-
жылдын 23-июнундагы №762-V Токтомун алсак:
Төрага мөөр коюлат А.Келдибеков
Колу” маалым дареги жетекчинин аткарган
кызматынан, жетекчинин колунан жана аты-жөнүнөн
турат. Алар бир сызыкта жайгашат. Барактын сол “
жагына аткарган кызматынын аталышы, ортосуна
колу, оң жагына кол коюп жаткан адамдын аты-жөнү
берилет. Мисалы:
“Түндүк электр” ААКнын
башкы директору (колу) Т. Токтогулов
Мекеменин бланктарына жазылган иш кагаздарында жетекчинин
аткарган кызматынын аталышы менен мекеменин аталышы бирге
көрсөтүлбөйт. Себеби мекеменин аты бланктын өзүндө
көрсөтүлгөн болот. Эгерде иш кагазы актай баракка жазылган
болсо, кол койгон жетекчинин кызматынын атына мекеменин
толук аталышы кошулуп көрсөтүлөт. Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентине
караштуу Мамлекеттик тил боюнча
улуттук комиссиянын алдындагы
Окуу жана маалымат борборунун
директору (колу) А.Исманкулова
Иш кагазына кызмат абалы бирдей даражадагы адамдар,
жетекчилер кол коюшса, алар бир сызыкта удаа жайгаштырылат.
Документке кол коюучу жетекчи жок учурда анын ордуна орун
басар же убактылуу милдетин аткаруучу адам кол койсо,
кызматтын аталышынын алдына бөлчөк сызыгы коюлат же
“үчүн” жандоочу пайдаланылат. Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын коргоо
министри Юстиция министри
(колу) А.Кудайбердиев (колу) А.Мухамеджанов
/ Башкы директор (орун басардын колу) К. Оторбаев
Башкы директор үчүн (орун басардын колу) К.Оторбаев
Эгерде мекеменин жетекчиси жок учурда “колу”
маалым дарегинде башка кызмат аталыш менен же
орун басар же милдетин аткаруучунун кызмат орду
көрсөтүлсө, анда бөлчөк сызыгы менен “үчүн”
жандоочу жазылбастан, орун басардын колу коюлат.
Мисалы:
Башкы директордун
орун басары (колу) К.Иманалиев
Иш кагазын макулдашуу
* саркер (аскер.) - командир
** зардал (аскер.) - начальник
Иш кагазынын мазмуну менен макул болбогон, толуктоолор же
эскертүүлөр, сын көз караштар болгон учурда алар өзүнчө
баракка тиркелет да. үлгүсү төмөнкүндөй болот:
Штаб саркери* (колу) Н.Султаналиев
Макулмун
Уюштуруу бөлүмдүн зардалы** (колу) Э.Насыров
18.02.12.
Штаб саркери (колу) Н.Султаналиев
Макул эмесмин
Уюштуруу бөлүмдүн зардалы (колу) Э.Насыров
Эскертүүлөр тиркелет
18.02.12.
Тышкы макулдашуу грифи, макулдашуу барагы менен жол-
жоболоштурулат. Макулдашуу грифи “МАКУЛДАШЫЛДЫ”
сөзүнөн, макулдук берген адамдын кызмат ордунан, колунан,
анын чечмеленишинен (аты-жөнүнөн) жана макулдашылган
датадан турат. Ал “колу” маалым дарегинен кийин бланктын сол
тарабына жайгаштырылат. Мисалы:
Кыргыз Республикасынын
Патент кызматынын
башкы директору (колу) Н.Маматбаева
МАКУЛДАШЫЛДЫ
«Кут дүйнө» акционердик коомунун
маркетинг бөлүмүнүн директору (колу) М.Сейталиев
Ар бир тарап үчүн экиден нуска даярдалат жана
алардын ар бири бирдей укуктук күчкө ээ болот.
Ошондой эле макулдашуу барагы тараптардын мөөрү
менен ырасталат. Мисалы:
“Айыл банк” ачык акционердик коому менен
“Акыл” мамлекеттик акционердик коомунун
МАКУЛДАШУУ БАРАГЫ
МАКУЛДАШЫЛДЫ МАКУЛДАШЫЛДЫ
“ Айылбанк” ачык “Акыл” мамлекеттик
акционердик коомунун акционердик коомунун
башкы директору башкы директору
(колу) А.Ашырахманова (колу) Н.Ажиева
15.08.05. 15.08.05.
мөөр орду мөөр орду
Иш кагазын бекитүү
Иш кагаздарынын айрым түрлөрү бекитүүнү талап кылат жана ал иш
кагазы бекитилгенден кийин гана укуктук күчкө ээ болот.
Иш кагазын бекитүү эки түрдүү жол менен бекитилет: 1) токтом, чечим,
буйрук менен; 2) БЕКИТИЛДИ, БЕКИТИЛГЕН, БЕКИТЕМИН деген
грифтин бирин коюу менен[1]. Тескеме иш кагаздары менен бекитүү
качан иш кагаздарына кошумча түшүндүрмөлөр жана эскертүүлөр талап
кылынган учурда түзүлөт. Мисалы иш кагазын тескеме документ менен
бекитүү зарылдыгы туулса, бекитүү грифи төмөнкүдөй түзүлөт:
БЕКИТИЛДИ (БЕКИТИЛГЕН) сөзү, тескеме документтин аталышы
атооч жөндөмөсүндө, коюлган дата жана номер коюлат. Алар бланктын оң
тарабына жайгаштырылат. Мисалы:
[1] Т.Ахматов, Т.Аширбаев. Иш кагаздары, Бишкек, 2001-ж. 34-бет
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 1995-жылдын
25-августундагы №370
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын башкаруу ишин документациялык
камсыздоо (иш кагаздар) боюнча ТИПТҮҮ НУСКОО
БЕКИТИЛГЕН сөзү менен байламтасы менен бирге бериле
турган болсо, кичине арип менен жазылат деп жогруда
көрсөтүлгөн китепте берилет. Бирок иш кагаздарын бекитүүдө
негизги кызматты БЕКИТИЛГЕН, БЕКИТЕМИН,
БЕКИТИЛДИ сөздөрү аткарып жаткандыктан жана аткарган
кызматтары бирдей болгондуктан, мында да, “БЕКИТИЛГЕН”
деген сөз алдыга чыгарылып жазылууга жол берилет. Мисалы:
БЕКИТИЛГЕН
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 1995-жылдын
25-августундагы №370
токтому менен
Кыргыз Республикасынын башкаруу ишин документациялык
камсыздоо (иш кагаздар) боюнча ТИПТҮҮ НУСКОО
Калган учурда БЕКИТИЛДИ, БЕКИТЕМИН
грифтери баш тамгалар менен төмөнкүдөй жазылат.
Мисалы:
БЕКИТИЛДИ
Кыргыз Республикасынын
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин
коллегиясынын токтому
21.12.11. № 14 ______________
Эгерде документ белгилүү кызмат адамы (мекеменин жетекчиси,
анын орун басары) тарабынан бекитиле турган болсо, бекитүү
грифи төмөнкүдөй элементтерден: БЕКИТЕМИН сөзүнөн, кызмат
ордунан, колунан, аты, фамилиясынан, бекитилген датадан турат.
Мисалы:
Иш кагаздарын бекитүү грифи тырмакчага алынбастан баш
тамгалар менен обочолонуп жазылат жана зарылдыгына жараша
мекеменин же уюмдун мөөрү коюлушу мүмкүн
БЕКИТЕМИН
Кыргыз Республикасынын
Улуттук статистика
комитетинин төрагасы
(колу) Т.Токоев
13.06.08.
Иш кагазындагы белгилер
Кириш каттоо номери маалым дареги иш кагазы
мекемеге келгенде жогорудагы индексте
көрсөтүлгөндөй коюлат. Мисалда берилген 7-
мекеменин түзүмдүк бөлүмүнүн шарттуу белгиси,
025-номенклатура боюнча көктөмөнүн номери, 1107-
документтин каттодогу катар саны, 02.03.12.-документ
мекемеге келип түшкөндө коюла турган дата. Келген
иш кагаздарына кириш бурч мөөрү (штамп) басылып,
ага кириш каттоо номерлери коюлат, ал бланктын оң
тарабынын ылдыйкы бурчуна жайгаштырылган.
Эгерде бурч мөөрдү коё турган ачык тилке жок болсо,
анда жазылган тексттин үстүнө айырмаланган түс
менен бурч мөөр басууга болот.
Чыгыш каттоо номери да келген иш кагаздарынын
кириш каттоо номеринин шарттуу белгилерине окшош
коюлат. Мисалы 03-4/814 25.10.10. индекси коюлду
дейли. Мында 03-документтии даярдаган түзүмдүк
бөлүмдүн индекси, 4-номенклатура боюнча
документтин көчүрмөсү тиркеле турган көктөмөнүн
номери, 814-документтин катар саны. Ал эми
25.10.10.-документти сыртка жөнөтүүдө коюлган дата.
Тиркеме бар экендиги жөнүндө белги.
Кызматтык иш кагаздарынын айрым түрлөрү
тиркемелер менен берилет. Мисалы:
Эгерде тиркеме иш кагазында көрсөтүлгөн даректин
баарына жөнөтүлбөсө, анда тиркеме бар экендиги
төмөнкүдөй түрдө жазылат. Мисалы:
Тиркеме: 5 баракта, 2 нускада биринчи дарекке.
Кыргыз
Республикасынын
Жогорку Кеңешинин
Мыйзам чыгаруу жыйынынын
2002-жылдын 28-июнундагы
З №830-II токтомуна тиркеме
Документтин аткарылгандыгы жана көктөмөгө
жөнөтүлгөндүгү жөнүндөгү белги
Документтин “аткарылгандыгы жөнүндө белги” маалым
дареги аткаруучунун аты-жөнүнөн жана анын телефон
номеринен турат да, ал чыккан иш кагаздарына коюлуучу
белги болуп саналат. Иш кагазындагы мындай белги
документти даярдаган адам менен байланышууга жана
козголуп жаткан маселелени тактоого же түшүндүрмө
алууга шарт түзөт. МАМСТ 6.38-90 боюнча мындай
маалым дарек иш кагазынын акыркы барагынын бет
жагына же анын арт жагына, ылдыйкы сол бурчка кичине
арип менен жазылат. Мисалы:
Аткарган М.Тагаев
Тел: 36 84 42
Мында Тагаев - документти аткарган адамдын
фамилиясы, 36 84 42 анын телефон номери.
Зарыл учурда жана жашыруун документтерде,
документти терген катчы адамдын индекси, басылган
нускаларынын саны, күнү, айы, жылы аткаруучунун
аты-жөнүнөн кийин берилши мүмкүн[1]. Мисалы:
документ 2012-жылдын 6-мартында 3 нускада
Базаралиева Гүлзат деген катчы тарабынан терилди
дейли:
Аткарган М.Тагаев
Тел: 36 84 42
БГ 3 06.03.12.
[1] Т.Ахматов, Т.Аширбаев. Иш кагаздары, Бишкек, 2001-ж. 37-бет
Мында БГ – катчынын индекси. Ал Базаралиева Гүлзат,
аты менен фамилиясы баш тамгаларынан
кыскартылып берилди, 3 - терилген иш кагаздын
нускасынын саны, калганы дата (күнү, айы, жылы)
коюлду.
Иш кагазын аткаргандыгы жана аны көктөмөгө
жөнөткөндүгү жөнүндөгү белги, маселе чечилер жана
документти жөнөтөр замат коюлат. Ал “Көктөмөгө”
сөзүнөн, документ тиркеле турган көктөмөнүн
номеринен, документти аткаруу жөнүндө кыскача
маалыматтан, колдон жана датадан (күнү, айы, жылы)
турат. Ал документтин сол тарабынан ылдыйкы
талаасына коюлат. Мисалы:
Көктөмөгө 04-8/110 16.08.09
Ф.Иманалиева 17.08.09
Көзөмөл жөнүндө белги
Мындай маалым дарек аткарууну талап кылган жана көзөмөлгө
алына турган иш кагаздарына коюлат. Көзөмөл белгиси К
тамгасынан же Көзөмөл бурч мөөрүнөн документтин аталышы
менен бирдей деңгээлде барактын сол тарабына же атайын
бөлүнгөн терезеге коюлат. Терезенин өлчөмү 16х18 мм болот[1].
Мисалы:
Же:
[1] Кыргыз Республикасында башкарууну документ менен камсыз кылуу (иш кагаздарын
жүргүзүү) боюнча Типтүү нускоо, 1995-жылдын 25-августу №370 токтом
К Апрель элдик революциясына карата эскерүү күнүн уюштуруу
Апрель элдик революциясына карата эскерүү күнүн уюштуруу
Көзөмөл
Барактарга номер коюу
Иш кагаздарына номер коюлат. Документ бир
барактан турса, ага номер коюлбайт. Бир нече
барактан турган документтерге номер араб
цифрасы менен эч кандай сызыкчасыз жана
чекитсиз коюлат. Ал барактын ортосунан
жогорку талаадан 10-15 мм аралыкта орун
алат.
Иш кагаздарынын көчүрмөлөрүн
даярдоо
Иш кагазын күбөлөндүргөндө “колу” маалым
дарегинен мурда “анык” деп жазылат жана көчүрмөнү
күбөлөндүрүп жаткан адамдын кызматынын аты, аты-
жөнү, колу жана күбөлөндүрүү датасы коюлат.
Мисалы:
Көчүрмө
Эмгек китепчеси
Анык
Эмгек инспекциясынын директору (колу) Ч.Жуманова
16.08.78
Өздүк иш кагаздары
Арыз
(Заявление)
Өтүнүч арызы
Кыргыз Республикасынын
Президентинин аппаратынын
жетекчиси Э.С. Каптагаевге
Кыргыз Республикасынын
Президентинин Аппаратынын
Сот органдары бөлүмүнүн
башчысы, Бишкек шаарынын
«Чыгыш-5» кичи районунун 12-үй
44-батиринин жашоочусу
К. А. Дүйшеевден
Арыз
Мага Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун ишин текшерүү үчүн, иштин
зарылдыгына байланыштуу 2011-жылдын 8-октябрынан 19-октябрына чейин иш
сапарга чыгууга уруксат этүүңүздү өтүнөм.
05.10.2011. (колу) К. А. Дүйшеев
Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик
интеллектуалдык менчик кызматынын
директору А. Калмаматовго
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
интеллектуалдык менчик кызматынын
изилдөө бөлүмүнүн серепчиси,
Бишкек шаарынын «Жал» кичи
районунун 19-үй, 57-батиринин тургуну
Ш. К. Айылчиевден
Арыз
Мага ден соолугумду чыңдоого байланыштуу 2011-жылдын 1-мартынан 15-
мартына чейин кезексиз эмгек өргүү берүүңүздү суранам.
Тиркеме: 1. Дарт аныктаманын көчүрмөсү. (1 бет)
28.02.12. (колу) Ш. К. Айылчиев
Эмгек өргүү арызы.
Жарандар кызматтан эмгек тартиби боюнча же кезексиз
өргүүгө чыкканда жазылат:
Кыргыз Республикасынын
Президетине караштуу
Мамлекеттик тил боюнча
улуттук комиссиянын
төрагасы Р.Ч.Момбековго
Котормо, терминология, жарнама
жана маалымат бөлүмүнүн
башчысы Аалы Молдокановдон
Арыз
2011-жылдын 26-июлунан баштап кезектеги эмгек өргүүгө чыгууга уруксат
берүүнүздү өтүнөм.
25. 07. 2011-ж. (колу) А. Молдоканов
Эмгек өргүүсүнөн кайтуу арызы
Кызматкерлер эмгек өргүүсүнөн кайра кызматка киришүү үчүн
жазылуучу иш кагазы.
Кыргыз-Россия
Славян
университетинин
ректору,
академик В. И.
Нефадьевге
кыргыз тили
кафедрасынын
доценти, Г. А.
Васильковадан
Арыз
Мени эмгек өргүүсүнөн кийин 2011- 2012-окуу жылынын
Жумушка кирүү арызы
Жарандар кызматка же жумушка кирүүдө мекеменин
жетекчисинин атына жазылат.
Кыргыз
Республикасынын
Президентине
караштуу
Мамлекеттик тил
боюнча
улуттук комиссиянын
төрагасы Р. М.
Момбековго
Аламүдүн-1 кичи
районунун
№64 үйдүн 7-
батирини тургуну
Бирназарова
Гүлмирадан
Топтук арыз
Жогорку органдарга, жергиликтүү бийликке, айылдык ке ешке, айылӊ
өкмөтүнө айрым учурда көпчүлүктүн атынан суроо, өтүнүч, доо түрүндө
арыз жазылат.
Бүткүл дүйнөлүк мусулман
жаштары
Ассамблеясынын президенти
Мырза Саид Баюмиге
Чүй областынын Таш-Дөбө
айылындагы кургак учукка
каршы бейтапкананын
дарылануучуларынан
Арыз
Биздин ооруканада жүзгө жакын бейтаптар кургак учук дарты боюнча дарыланып жатат.
Булардын 30га жакыны өспүрүм курактагылар. Оорудан сакаюу үчүн күчтүү дары-дармек жана
кубаттуу тамак-аш керектелет. Бирок биздин бейтапканага мамлекет тарабынан жогорудагы
талаптарды аткарып, аларды камсыз кылууга ылайык каражат бөлүнгөн жок. Бир күнгө
болгону 60 сом бөлүнгөн.
Сизди элибиз журтубуздун эртеңки келечегин ойлогон, мекенчил жигити катары
тааныйт. Бул көйгөйгө сиздин көмөк көрсөтүүңүзгө ишенебиз.
01.06.2011-ж.
Дарылануучулар (колдору) Аты, жөнү
Которулуу арызы.
Кызматкерлер кызматтык абалынан өзгөрүүгө дуушар болгондо,
мекемеден башка мекемеге которулганда ж.б. себептерде
жазылуучу иш кагазы.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер
министри Р.Казакбаевге Жалпы бөлүмдүн
кызматкери Гүлбарчын Сулаймановадан
Арыз
Укуктук жогорку билимге ээ болгонума байланыштуу мени укук бөлүм
башчылык кызматына которууңузду сураймын.
Тиркелет: Жогорку билим жөнүндөгү дипломдун көчүрмөсү (6 бет)
09.11.2011. (колу) Г. Сулайманова
Доо арызы
Кыргыз Республикасынын Жогорку
Сотуна
Доочу: Бишкек шаарынын Жибек Жолу
көчөсүнүн №15 үйүнүн тургуну
Мамакеева Замира Токторбековна
Жоопкер: Бишкек шаарынын Жибек Жолу
көчөсүнүн 17 үйүнүн тургуну
Садыбакасова Калыйпа Шаршеновна
Доо арызы
Мен, Мамакеева Замира Токторбековна 18 жылдан бери Садыбакасова Калыйпа менен коңшу
жашаймын. 1994-жылдын 30-августунда чыккан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоонун
чечиминде көрсөтүлгөн мага тиешелүү жер тилкенин 1 (бир) сотых жер тилкесин К. Садыбакасова кошо
тосуп алган. Бул боюнча айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссия акт түзгөн.
Мага тиешелүү жер тилкени бөлүп берүүнү коңшум Садыбакасова Калыя аткарбай койду.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунан ушул маселени туура чечип берүүнү суранам.
Тиркеме:
1. Айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссиянын акты;
2. Жер тилкесинин фотосүрөтү.
03.03.2012 (колу) З. Мамакеева
Кошумча эмгек акысын алуу арызы.
Доо арызын айрым жеке адамдар да жазат. Ал
көбүнчө эл сотторуна берилет. Жеке
кишилердин арызы үй-жай, мал-мүлкүн бөлүү,
баласын кайра алуу, алимент, кошумча эмгек
акысын өндүрүү, турак-жайдан чыгаруу,
карызын талап кылуу ж.б.
Эсептешүү арызы
Кыргыз мамлекеттик улуттук
илимдер
АкадемиясынынТил илими институтунун
директору, академик А.А.Акматалиевге
Бишкек шаарынын тургуну
Октябрь райондук ИИБи тарабынан
2003-жылдын 10-октябрында берилген
А678943 номерлүү паспорт ээси,
“Принт Модель” чакан ишканасынын
директору Адамаалы кызы Гүлмирадан
АРЫЗ
2011-жылдын 6-сентябрында Сиз менен түзүлгөн келишимге
ылайык Тил илими институтуна 50 басма табак китеп чыгарып берүү
милдеттенмесин алуу менен келишим түзүлгөн. Китептер чыгарылды жана
институтка жеткирилди. Келишимде көрсөтүлгөн кызматка ылайык 110 000 (бир
жүз он миң) сом өлчөмүндөгү акы төлөп беришиңизди өтүнөм.
15.12.2011. (колу) Адамаалы кызы Гүлмира
ЖАРЫЯ
Жарыя!
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
Референт- котормочу адистикке бошоп калган орунду ээлөө үчүн сынак
жарыялайт.
Конкурстун мөөнөтү- 2012-жылдын 15-майына чейин.
Конкурска тийиштүү иш кагаздары толук даярдалып, төмөнкү дарекке
жиберилсин.
Бишкек шаары, Жаш Гвардия бульвары, 59
1-кабат, жалпы бөлүм.
Акыркы мезгилде жарыянын
калыптанган формасы өзгөртүлүп,
өзгөчө формадагы жарыялар басма сөз
беттеринде жарык көрө баштады.
Жарыя!
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-
маалымат борбору министрликтердин, ведомстволордун, мамлекеттик мекеме жана акционердик коомдордун (менчигинин
түрүнө карабастан ) кызматкерлерине жеке ишкерлерге иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө, жалпы эле
мамлекеттик тилди үйрөнүүчүлөр үчүн төмөндөгүдөй багыттар боюнча топтук жана жеке курстарын жүргүзөт:
Курска жазылуу жана толук маалымат алуу боюнча төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот.
Биздин дарек: Киев көчөсү, 96 Б, 3-кабат, 319-бөлмө
Тел.: (0312) 90 01 84, (0559) 600 676
Кыргыз Республикасынын Президентине
караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук
комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору
Курстардын аталышы Максаты Мөөнөтү Жыйынтыгы
Баштоочу топ Башка улуттардын
өкүлдөрүн
мамлекеттик тилде
сүйлөөгө, жаза
билүүгө үйрөтүү
72 саат 3 (үч) ай
Каалоочуларга 144
саат
Окуу-маалымат
борборунун
тастыктамасы
ыйгарылат
Улантуучу топ Мамлекеттик тилде
сабаттуужаза
билүүгө, эркин
сүйлөөгө үйрөтүү
72 саат 3 (үч) ай
Каалоочуларга 144
саат
Окуу-маалымат
борборунун
тастыктамасы
ыйгарылат
Иш кагаздарын
мамлекеттик тилде
жүргүзүү
Иш кагаздарынын
баардык түрлөрүн
мамлекеттик тилде
жүргүзүүгө үйрөтүү
48 саат 2 (эки) ай Окуу-маалымат
борборунун
тастыктамасы
ыйгарылат
Кызматка конкурстук негизде кабыл алуунун шарттары да жарыяларда
берилет:
Билдирүү да жарыянын бир түрү катарына эсептелип, анын жалпы
окшоштуктары бар.
Жарыя!
«Фабула» коомдук-саясий гезити
Корректорлук кызматынын бошоп калган ордун ээлөө үчүн конкурс жарыялайт.
Конкурстун мөөнөтү 2012-жылдын 16-мартына чейин. Конкурска тийиштүү
документтер толук даярдалып, төмөнкү дарекке жиберилсин: Бишкек шаары, Шабдан
Баатыр көчөсү №4 Б, 3-кабат кадрлар бөлүмү
«Фабула» коомдук-саясий гезити.
Жаш төкмө акындардын эсине!
«Айтыш» коомунун алдындагы «Төкмөлүк өнөр» ийриминин кезектеги сабагы
16-март күнү саат 14.00 дө башкы имаратта өткөрүлөт.
КУЛАКТАНДЫРУУ
(Объявление)
Белгилүү бир уюмдун же топтун мүчөлөрүн
алдыда боло турган иш-чараларга–чогулуш,
жолугушуу ж.б. менен кабардар кылуу үчүн
колдонулган жазуу же оозеки түрүндөгү
билдирүү – кулактандыруу.
Кулактандыруу!
«Курманжан датканын 200 жылдыгына» байланыштуу 2011-жылдын 12-
ноябрында саат 9.00дө Т.Сатылганов атындагы мамлекеттик
филармониясынын чоң жыйын жайында «Курманжан датка-тарыхый
инсан» аттуу Эл аралык конференция өткөрүлөт.
Каттоо саат 9.00дө башталат.
Уюштуруучулар: Курманжан датка фондунун жетекчилиги
Кулактандыруу!
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил
боюнча улутттук комиссиянын алдындагы «Терминком» мүчөлөрүнүн
эсине!
«Терминком» мүчөлөрүнүн кезектеги жыйыны 2012-жылдын 21-
февралында саат 13.00 дө Кыргыз мамлекеттик тарых музейинин кичи
жыйын жайында өткөрүлөт.
20.01.2012-ж.
Уюштуруу тобу
ТИЛ КАТ
(Расписка)
ТИЛ КАТ
Мен, Бекташов Талантбек Изатиллаевич (Бишкек шаарынын “Тунгуч-
2” кичи районунун №68 үйүнүн №70 батиринин тургуну, Паспорт №258 07,
берилген күнү 20.06.2009, берген орган ИИМ 50-37)
Бул тил кат Алиев Нурлан Азатовичке (Бишкек шаарынын “Чыгыш-5”
кичи районунун №45 үйүнүн 67–батиринин тургуну. Паспорт №270897 берилген
күнү 20.07. 2008-ж. Берген орган ИИМ 50-55) берилет.
2011-жылдын 20-майында И. А. Алиев мага 20 000 сом (жыйырма миӊ
сом) өлчөмүндө карызга акчалай каражат берди. Мен бул карызды 2011-жылдын
20-июнунда кайра кайтарып берүүгө милдеттенем.
Ушул тил кат өз колум менен жазылды.
2011-ж. 20-май. Бекташов Т.И.
Түшүнүк кат
(Объяснительная записка)
Ички түшүнүк каттын үлгүлөрү төмөнкүдөй болот:
Бишкек шаардык
Саламаттыкты сактоо
департаментинин унаа базасынын
мүдүрү Н.С. Сооронкуловго
Жол коопсузду боюнча башкы кыбачы
Исманкулов Эмил Төлөбековичтен
Түшүнүк кат
2012-жылдын 1-мартында саат 9.00.дө Административдик жыйынга келбей
калганымдын себеби, ошол убакта Бишкек шаарындагы Чүй, Калык Акиев
көчөлөрүнүн кесилишинде «Тайота Хайс» тез жардам авто унаасы менен
«Мерседес» үлгүсүндөгү жеңил авто унаасы жол кыймылынын эрежесин
сактабагандыктан кагылышууга учурап, МАИ кызматкерлери менен бирдикте
ишти аныктоого катыштым.
01.03.2012. (колу) Э. Исманкулов
Тышкы түшүнүк каттын үлгүсү төмөнкүдөй болот:
Кыргыз-Түрк «Манас» Kyrgiz-Turk «Manas»
университети universi
Е-mail: manasuniver@ mail.ru
12.12.2012.
№7 Кыргыз Республикасынын
Тышкы иштер министри
Р. Казакбаевге
Сиздердин сунуштамаңыздар боюнча Түркиянын Стамбул шаарында өтө турган
Эл аралык Симпозиумга каржылоо маселесине байланыштуу
окутуучуларыбыздын делегациясынын катышуу мүмүкүнчүлүгү болбой
тургандыгын билдиребиз.
ӨМҮР БАЯН
(Автобиография)
Биринчи жак менен жазылган өмүр баяндын үлгүсү:
Өмүр баян
Мен, Токобаев Болот Темирбекович1975-жылдын 9-ноябрында Бишкек
шаарында туулганмын. Атам- Усупбаев Темирбек, апам –Токсобаева Бактыгүл.
1992-жылы Бишкек шаарындагы №6 орто мектепти бүтүп, Кыргыз
мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультетине өттүм.
1996-жылы университетти аяктап, 1996-жылдан баштап 1997-жылга чейин
Францияда окудум. 1997-жылы Өнөр–жай жана соода министрлигине
жетектөөчү адис болуп ишке кирдим. 1999-жылы АКБ «Кыргызстан» банкына
ишке кирдим. 2005-жылы КР Өкмөтүнүн Аппаратында Уюштуруу бөлүмүндө
инспектор кызматын аркаладым. Ушул эле жылы КР Премьер –министринин
жардамчысы болуп иштеп келдим. 2007-жылдан 2009-жылга чейин Экономика
өнүктүрүү министрлигинде иштедим. 2010-жылдан бери КР Президентинин
Аппаратында эмгектенүүдөмүн.Yй бүлөлүк абалым: жубайым –Гүлзат
Саламаттыкты сактоо министрлигинде юрист болуп иштейт. Эки балалуумун.
Бир уул, бир кыз.
16-июнь, 2011-жыл (колу) Б.Т.Токобаев
Бүгүнкү күндө, жумушка кабыл алууда
таржымал (резюме) актуалдуу болууда.
Таржымал өмүр баянга окшош келип,
кыска жазылат. Негизинен туулган жыл,
окуу аяктаган жыл, алган наамдары,
көнүккөндүктөрү, эмгек стажы, иш алып
баруу жөндөмдүүлүгү менен билими
айы,жылы, күнү менен так жана айкын
берилет.
ЧАКЫРУУ
(Приглашение)
Өткөрүлүүчү маараке–тойлорго, түрдүү жыйындарга, илимий жана
практикалык конференцияларга, симпозиумдарга чакыруу үчүн
жазылган кабарлоо – чакыруу.
Чакыруу
Урматтуу Камил Төлөбекович!
Сизди үй-бүлөңүз менен балабыз Ринатты сүннөткө отургузууга
байланыштуу тоюбузга келип, бата берип кетишинизди өтүнөбүз.
Той 2012 –жылдын 24-майында саат 14:00 дө «Дасмия» ресторанынын
той өткөрүү жайында болот.
Сизди урматоо менен Нурсейиттин үй-бүлөөсү.
Расмий иш чараларга даярдалган чакыруунун текстинин түзүлүшү бир
топ татаал болот. Мындай чакыруулар мамлекеттик жана коомдук
мекемелерде даярдалат.
Мындай чакырууда адабий тилдин нормага ылайык сөздөр китеп сөздөрү
жана сөз тизмектери активдүү пайдаланылат.
Чакыруу!
Урматтуу Элмирбек Камилович!
Сизди Кыргыз Республикасынын мыйзамдык долбоорун толуктоо
боюнча «Ченемдик укуктук актылар жөнүндө» аттуу жыйынга Кыргыз
Республикасынын Юстиция министрлиги чакырат.
Жыйын 2012-жылдын 1-февралында саат 9. 30 да Кыргыз
Республикасынын Юстиция министрлигинин жыйын жайында (Жаш
Гвардия көчөсү, 59-үй, 1-кабат, «Манас ордосу» жайында) башталат.
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
Уюштуруу-тескеме иш кагаздары
АКТ
Yлгү: Материалдык баалуулуктарды өткөрүп берүү жөнүндө акт
АКТ
1-июнь, 2011-жыл Бишкек шаары
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын
Материалдарды даярдоо бөлүмүнүн башчысы М.Ааматов адистери З.Исакова, С.
Кубатова, З.Козубаева болуп төмөндөгү актыны түздүк.
Мурда З.Исакованын жеке жоопкерчилигиндеги персоналдык компьютерди (1
даана) өндүрүштүк кызыкчылыкка байланыштуу, бөлүмдүн ишин өркүндөтүү
максатында З. Козубаеванын жоопкерчилигине өткөрүп бергендигин күбөлөндүрөбүз.
Комиссиянын төрагасы (колу) М.Ааматов
Мүчөлөрү: (колу) З.Исакова
(колу) С.Кубатова
(колу) З.Козубаева
Тиркеме: Спецификациялоо актысы
Бекитемин
Кыргыз Республикасынын
Президентинин Аппарат
жетекчисинин орун басары
________ С. Н. Байназаров
“_____”__________ 2011-ж.
Аткарылган иш тууралуу
АКТ
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын
алдындагы Окуу-маалыматборборунун директору А. Исманкулова жана Кыргыз Республикасынын
Президентинин Аппарат жетекчиси Эмилбек аламатович Каптагаев менен №8 кызматташуу келишими
түзүлгөн.
Келишимде 2011-жылдын 1-октябрынан 30-декабрынан чейин кызматкерлерге мамлекеттик тилди
окутууга:
-баштоочу топ үчүн 72 саат;
- улантуучу топ үчүн 72 саат;
- иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө 48 саат белгиленген.
Окуу-маалымат борбору тарабынан көрсөтүлгөн иш милдети аягына чыкты. Кызматкерлерден сынак
алынып, жыйынтык чыгарылды.
Учурда сынактан өткөн курстун угуучуларына тастыктама тапшырууга берилди.
Окуу-маалымат борборунун
директору (колу) А. Исманкулова
Комиссиянын мүчөлөрү (колу) А.Н. Абдылдаева
(колу) А. Т. Аликеева
(колу) Ж. А. Рахматова
Баяндама кат
(докладная записка)
Эгерде баяндама кат ички иш кагазы болсо, иш-чараны аткаруу демилгеси
мекеме кызматкери болгондуктан, андай баяндама катка тема коюлбайт.
Кыргыз Республикасынын
Президентине
караштуу Мамлекеттик тил боюнча
улуттук
комиссиянын төрагасы
Р.Ч.Момбековго
Окуу-маалымат борборунун
директору
А.Т. Исманкуловадан
БАЯНДАМА КАТ
Сиздин көрсөтмөңүз боюнча «Эл аралык «Манас» ачык акционердик
аэропортунун кызматкерлерин 2012-жылдын 5-мартынан баштап Мамлекеттик тилди
окутууга жетекчилери менен бирге кызматташуу келишимин түздүк. Мамлекеттик
тилди үйрөнүүгө аэропорттун бардык кызматкерлери макул экендигин билдиришти.
Аэропорттун кызматкерлери Мамлекеттик тилди үйрөнүүгө окуу китептери
Ал эми төмөнкү БАЯНДАМА КАТ тышкы иш кагазы болгондуктан тема
коюу зарыл.
Кыргызстан-Россия
Славян
университетинин
ректору,
академик В.И.
Нефадьвге
университеттин Чарба
иштери
боюнча проректору
А. Т.Мамасериковдон
БАЯНДАМА КАТ
Медициналык факультеттин
жалпы абалы жөнүндө
Сиздин көрөстмөңүз боюнча 2011-жылдын 17-августунда Медициналык
факультеттин жалпы абалын текшерип чыктым.
Жогоруда келтирилген баяндама каттардын
үлгүсү арызга окшош жазылган. Баяндама
каттын дагы бир түрүнүн аткарылуу
өзгөчөлүгү бар. Анда тармактык бөлүктөрдүн
жайланыш тартиби бир аз башкачараак. Андай
баяндама каттарда мекеме же ишкананын,
тармактык бөлүмдүн жана иш кагазынын
аталышы, анын жазылган убагы жана тексттин
темасы сол бурчуна, баяндама кат жөнөтүлө
турган жетекчинин кызматы, аты-жөнү
барактын жогорку оңбурчуна жазылат.
Кыргыз Мамлекеттик улуттук
университетинин тарых факультети
декан А.К.Кулматовго
БАЯНДАМА КАТ
01.02.2012-ж.
Сырттан окуу бөлүмүнүн
4-курсунун студенттеринин
педагогикалык практикасынын
мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө
2012-жылдын 19-февралынан башталуучу педагогикалык практика Бишкек
шаарында грипп оорусунун эпидемиялык мүнөз алгандыгына байланыштуу
өтүлбөй тургандыгын билдирем.
Педагогикалык практиканы 2-апрелден баштоону сунуш кылам.
Бул мөөнөткө Бишкек шаардык билим берүү департаментинин
жетекчилигинин макулдугу алынды.
Бишкек шаардык билим берүү департаментинин макулдук каты (1 бет), 1
нуска) тиркелет.
Факультеттин деканын
сырттан окуу боюнча
БИЛДИРМЕ
(Рапорт)
Пландын, берилген ар кандай тапшырманын
аткарылгандыгы, эмгек өргүүсүнүн, чет өлкөгө
жасалган саякаттын аяктагандыгы, иш сапарынын
бүткөндүгү, айрым иш чаралардын
жыйынтыкталгандыгы ж.б. жөнүндө жогорку
инстанцияларга (уюмга) жиберилген расмий иш
кагазы –билдирме болуп саналат.
Билдирменин үлгүсү:
Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик интеллектуалдык
Менчик кызматынын
директору А. А. Калмаматовго
Кадр жана иш кагаздар
бөлүмүнүн башчысы
Д. Казаковдо
Билдирме
2011-жылдын 10-май күнү экспериза башкармалыгынын башкы адиси
А.А. Иванов эмгек тартибин бузуп, эч себепсиз жумушка келбеди А. А.
Иванов боюнча чара көрүү профсоюздун чогулушунда каралмакчы.
Кадр жана иш кагаздар
боюнча бөлүмүнүн
БУЙРУК
(Приказ)
Буйрук –мамлекеттик башкаруу органдарынын
жетекчилеринин жеке бийлигине негизделген укук
документи. Ал мекеменин ишмердигиндеги негизги
жана күндөлүк милдеттерди, иш чараларды чечүү
максатында колдонулат. Буйрук негизги иш
аракеттерге жана кардарлардын жеке өзүнө
тиешелүү маселелерге байланыштуу жазылат
(буйрук берилет). Алар белгилүү тартипте өзүнчө
номурланып, айрым көктөмөдө сакталат.
Жалпы ишмердик боюнча буйрук
Бул буйрукта мекемеде ишти уюштуруу, мекеме
жана анын бөлүмдөрүнүн ишмердигин тартипке
салуу маселелери каралат, жогорку мекемелерден
келген көрсөтмө иш кагаздар мекеме
кызматкерлерине жеткирилет, алардын
аткарылышы боюнча так чаралар көрсөтүлөт, ал
иш чаралардын аткарылышына жооптуу адамдар
дайындалат жана аткаруу мөөнөтү белгиленет.
Жалпы ишмердик боюнча буйруктардын үлгүлөрү
Салтанаттарды жана майрамдарды өткөрүү буйруктары:
Кыргыз Республикасы
Чүй облусу
Чүй райондук мамлекеттик администрациясы
БУЙРУК
2012-жылдын 18-февралы №5 Токмок шаары
«Нооруз-2012» майрамын майрамдоо
учурунда тартипти жана коопсуздукту
камсыздоо жнүндө
2012-жылдын 21-мартында массалык майрамдоо жана соода өткөрүү учурунда шаардагы
коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы (Абакиров Б.) 21-мартта тартипти жана
коопсуздукту камсыз кылсын.
2. МАИ башчысы (Жоошбеков С.) 21-март күнү автоунаалардын кыймылын саат 8 ден саат
16 га чейин Ленин көчөсүү боюнча Пионер жана М.Горький көчөлөрүнүн аралыгында
токтотсун.
3. Буйрукту аткаруу райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары М.К.
Каиповго мидеттендирилсин.
Чүй райондук мамлекеттик
администрация башчысы (колу) А.Кенжетаев
Эскертүү: Мекеменин бланкынын маалыматтары мындай кийинки үлгүлөрдө да
көрсөтүлбөйт.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК№19
2012-жылдын 18-февралы Бишкек шаары
Кыргыз эл жазуучусу,
Кыргыз эл баатыры
Т.Касымбековдун 80 жылдык мааракесин өткөрүү жөнүндө
Үстүбүздөгү жылдын 15-январь айында республикабыздагы белгилүү инсан,
Кыргыз Эл жазуучусу, Кыргыз Эл баатыры Т. Касымбеков көзү тирүү
болгондо 80 жашка чыкмак. Улуу залкар жазуучунун мааракесине арналган
адабий конференцияны белгилөө максатында БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Адабий конференция 19-апрелде саат 14.00дө министрликтин коллегия
залында өткөрүлсүн.
2. Иш чараны алып баруу милдети А. Иманжановага жүктөлсүн.
3. Иш чараны уюштуруу милдети Төлөбек уулу Талантка жүктөлсүн.
Министр (колу) И. Жунусов
Өздүк курам боюнча буйрук
Өздүк курам боюнча буйрук ишке кабыл алууда же
иштен бошотууда, мекеменин бир бөлүмүнөн
экинчи бөлүмүнө которууда, кызматкерди
сыйлаганда, өргүүгө чыкканда ж.б. учурларда
даярдалат. Мындай буйруктар уюмдун бөлүм
жетекчилеринин сунуштары жана жарандардын
өздүк арыздарынын негизинде аткарылат.
1. Жумушка кабыл алуу буйругу
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча
улуттук комиссиянын алдындагы
Окуу-маалымат борбору
№______ 2011- “_____” _____
Буйрук
Жийдебаева Анара Жумакожоевна жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 82-беренесине ылайык
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. 2011-жылдын 11-июлунан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башкы эсепчилик кызматына
дайындалсын.
2. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага (колу) Р. Момбеков
2. Башка ишке которуу буйругу
Буйруктун бул түрү кызматкер (же жумушчу) мекеменин
бир түзүмүнөн экинчи түзүмүнө которулганда же кызмат
орду ошол мекемеде жогорулаганда даярдалат.
Башка ишке которуунун демилгечиси мекеме
жетекчилиги, эмгекчилер жамааты, жогорку органдын
көрсөтмөсү болушу мүмкүн. Бирок буйруктун негизи
болуп башка ишке которулган кызматкердин арызы кала
берет.
Башка ишке которуу буйругунун үлгүсү:
«БЕРЕКЕТ ГРАНД» CООДА БОРБОРУ
БУЙРУК
№53
21.02 11. Бишкек шаары
Кадрлардын өздүк курамы боюнча
Башка жумушка которуу жөнүндө
Насырова Рахат ээлеген кызматынан бошотулуп, 2011-жылдын
2-февралынан 15500 (он беш миң беш жүз) сомдук айлык акы
менен директордун орун басарлыгына ДАЙЫНДАЛСЫН.
Негиз: Р. Т. Насырованын арызы.
Башкы директор (колу) З. И.
3. Эмгек өргүүсүн берүү буйругу
Буйруктун бул түрү мекеме кызматкери же жумушчусу
кезектиги эмгек өргүүсүнө чыкканда даярдалат.
Календарлык же окуу жылынын башында түзүлгөн
мекеменин же анын түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин өргүү
графиги бул буйрукка негиз болот. Айрым учурда эмгек
өргүүсүнө чыгуу үчүн арыз да жазылат.
Эмгек эс алуусу бүткөндөн кийин, кызматкер өргүүсүнүн
бүткөндүгү жана кайсы күндөн өз кызматына киришкендиги
жөнүндө билдирме жазышы талап кылынат.
Эмгек өргүүсүн берүү буйругу:
“Эл аралык “Манас”ачык акционердик коому
БУЙРУК
№467
01.12. 2011-ж. Бишкек шаары
Кадрлардын өздүк курамы боюнча
Эмгек өргүүсүн берүү жөнүндө
Котормо бөлүмүнүн башкы адиси Шаменова Айнура Шаменовнага
2011-жылдын 1-июнунан 36 иш күнгө эмгек өргүүсү БЕРИЛСИН.
Негиз: 1. Эмгек өргүүсүнүн иш тартиби
2. А. Шаменованын арызы.
Башкы директор (колу) М. Туркебаев
4. Кызматтан бошотуу арызы
Буйруктун бул түрү мекеме кызматкери
(жумушчусу) кызматтан бошогондо жазылат.
Кызматтан бошотуу буйругунун негизи – иштен
бошонуучу жарандын арызы. Арызда анын
ээси бошонуу себеби буйрукта белгиленет.
Кызматтан бошотуу буйругу:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты
№______ 2011- “_____” _____
Буйрук
№87
Назира Таджибаева жөнүндө:
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 82-беренесине ылайыкБУЙРУК
КЫЛАМ:
1. 2011-жылдын 11-июлунан Укуктук бөлүмүнүн башкы адиси өз каалоосу
менен ээлеген кызматынан бошотулсун.Негизи: Таджибаева Назира
Кубанычовнанын арызы.
2. Акыркы эсептешүүсү берилсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам
Кыргыз Республикасынын
Президентинин Аппарат жетекчиси Э. Каптагаев
5. Кызматкерлерди сыйлоо буйругу
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук
комиссия
БУЙРУК
№56
05.09.2011-ж. Бишкек шаары
Окутуучуларды сыйлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин өнүгүшүнө кошокон зор салымдары үчүн
төмөнкү окутуучуларды сыйлоого БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Мажитова Рахат - Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу “Ардак грамота”
менен;
2. Абылкасымова Тамара–Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу “Ардак
грамота” менен СЫЙЛАНСЫН.
Негиз: Кафедра башчысынын көрсөтмөсү.
Төрага (колу) Р.Момбеков
Буйруктун көчүрмөсү
Мекемелердин же жарандардын талабы боюнча
буйруктун көчүрмөсү берилет. Көчүрмө компьютерде
кайра даярдалып, аны талап кылган тарап үчүн зарыл
болгон маалымдаректер толук киргизилиши керек.
Буйруктун тексти жөнөкөй болсо, анда түп нуска
толугу менен көчүрүлүп, ага жетекчи кол койбой эле,
ке се кызматкерлерининӊ “Көчүрмө анык” же
“Анык” деген визасы менен ырасталат. Көчүрмөнү
даярдоочу колун коюп, кеңсенин төгөрөк мөөрүн
басат.
Жөнөкөй буйруктун көчүрмөсүнүн үлгүсү:
«БЕРЕКЕТ ГРАНД» CООДА БОРБОРУ
БУЙРУКТАН КӨЧҮРМӨ
№3
21.02 11. Бишкек шаары
Кадрлардын өздүк курамы боюнча
Башка жумушка которуу жөнүндө
Насырова Рахат ээлеген кызматынан бошотулуп, 2011-жылдын 2-февралынан
15500 сомдук айлык акы менен директордун орун басарлыгына ДАЙЫНДАЛСЫН.
Негиз: Р.Насырованын арызы.
Башкы директор (колу) З.И. Осмоналиев
Көчүрмө анык
Катчы (колу) Ф. Бирназарова
12.04.2011-ж. Мөөрдүн орду
ТЕСКЕМЕ
Тескеме - негизинен мамлекеттик
башкаруунун коллегиялуу органын
башкарган жетекчинин атынан күтпөгөн
(ыкчам) маселелерди чечүү үчүн
чыгарылган укуктук акт. Эреже катары
ал чектелүү мезгилине чейин иштейт
жана айрым уюмдарга, жарандарга,
кызмат адамдарына тиешелүү болот.
Тескеменин үлгүсү:
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги
Т Е С К Е М Е
15.06.2011 №10 Бишкек шаары
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги Германиядан алып
келинген дарыларды пайдаланып, бир жаштан 17 жашка чейинки өспүрүм балдарды кызамык
оорусуна каршы алдын-ала дарылоо ишин жүргүзүүнү ишке ашыруу зарыл. Бул ишти жүзөгө
ашыруу үчүн министрликтин илимий иштер боюнча орун басары Г.С. Жуматаевага
төмөнкүлөрдү МИЛДЕТТЕНДИРЕМИН:
1. Республиканын бардык медициналык участкалык башчыларынан дарыны
пайдалануу боюнча бир күндүк семинары өткөрүлсүн.
2. Дарылар ар бир райондон берилген суроо-талапка ылайык бөлүштүрүп
берилсин.
3. Алдын ала дарылоо иши 2011-жылдын 20-декабрына чейин аяктасын.
Министр (колу) С. Жумабеков
ЖАРЛЫК
(Указ)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарына класстык чендерди берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын төмөнкү кызмат адамдарына класстык чендер берилсин:
“Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси”
Жолдубаева Индира Ырысбаевнага - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
АппаратынынУкуктук жактан камсыз кылуу
бөлүмүнүн башчысы;
Момбеков Рыскелди Чыныбековичке - Кыргыз Республикасынын Президентине
караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук
комиссиянын төрагасы;
Касымов Роман Пазыловичке -Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Иш башкаруучусу.
Кыргыз Республикасынын
Президенти Р. Отунбаева
Бишкек ш.
2011-жылдын 12-августу
ЖОБО
(Положение)
Мамлекеттик, жамааттык жана менчик
мекемелердин жалпы ишмердигин нормага
салган жана мамлекеттин аракеттеги
мыйзамдары, токтомдорунун негизинде
түзүлгөн расмий иш кагазы - жобо.
Жобо-ар бир мекемеде түзүлөт жана ошол
мекеме өз ишмердигин жобонун негизинде
жүргүзөт.
Кыргыз республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча
улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борборунун
Жобосу
1.1.”Кыргыз республикасынын Мамлекеттик тили жөнндө” Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик
тилди өнүктүрүү үчүн уюштуруучулук, материалдык-техникалык шарттарды түзүү багытындагы ченемдик актылардын
аткарылышын камсыздоо максатында, ошондой эле мамлекетибиздеги бөтөн тилдүү калктардын кыргыз тилин окуп, үйрөнүү
талабын күчөшү менен бул багыттагы окуу-усулдук чар-жайыттыктарды тартипке келтирүү, тиешелүү маалымат базасын
түзүү талабы Окуу-маалымат борборунун түзүү зарылчылыгын пайда кылды.
1.2. Окуу-маалымат борборунун (мындан ары–борбор) уюштуруучусу–Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы.
1.3. Борбор уюштуруучулук укуктук түрү боюнча мекеме болуп саналат жана өзүнүн гербдүү мөөрү, расмий бланкы, өз
алдынча эсеп-кысабы болот.
1.4. Борбордун дареги: Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 Б.
2. Борбордун максаты жана милдеттери
2.1. Борбор өз алдынча укуктук-юридикалык күчкө ээ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы блим, илим жөнүндөгү
бардык укуктардан пайдалануу менен, Мамлекеттик тил комиссиянын жобосуна, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз
Республикасынын Мамлекеттик тили жөнндө” мыйзамга жана өзүнүн жобосуна таянып иш алып барат. Борбор өз ишмердигине
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын көрсөтмөлөрүн жетекчиликке
алат. Борбор көрсөтүлгөн кызмат үчүн мамлекеттик жана коомдук уюмдар, башка чарба жүргүзүүчү субъектилер, жеке адамдар
чегерген каражаттардын, чыгармачылык ишмердиктин, демөөрчүлүк колдоолордун эсебинен иш жүргүзөт.
2.2. Борбордун башкы максаты-республикада мамлекеттик тилди үйрөнүү, жайылтуу боюнча илим-билим жагынан, коомдук,
маданий жактан иштерди алып баруу, маанилүү, зарыл маалыматтарды иргеп, талдоого алуу жана топтоо, иш кагаздарын
мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окууларды, семинарларды уюштуруу болуп саналат. Бул багытта электрондук веб-сайт
түзөт, маалымат бюллетендерди чыгарат, усулдук ке ештерди берет.ӊ
2.3. Борбор өз ишинде укуктук тараптар, мамлекеттик мекеме уюмдар, кызматкерлер, жогорку жана орто билимдүү жарандар менен
өз алдынча төмөндөгү багыттар боюнча иш жүргүзөт:
-мамлекеттик кызматкерлер, башка улуттун жарандары, эне тилин начар билгендер үчүн кыргыз тили боюнча тездетилген
курстарды уюштуруу;
-мамлекеттик жана башка менчигинин түрүнө карабастан мекеме-уюмдардын, ишканалардын кызматкерлерине иш
кагаздарын орус тили менен катар мамлекеттик тилде жүргүзүүгө үйрөтүү;
-мамлекеттик тилди окутуу боюнча-усулдук жана илимий-усулдук иштерди уюштуруу;
-окуу китептерин, усулдук колдонмолорду иликтөө, талдоого алуу жана даректүү сунуштарды даярдоо;
-мамлекеттик тилди өркүндөтүүнүн жана аны жайылтуунун илимий-практикалык жолдорун, ыкмаларын изилдөө, иштеп
чыгуу боюнча окуу жана окуу-усулдук куралдарды, адабияттарды жана башка материалдарды түзүү жана сунуштоо;
-иш кагаздарын жүргүзүү жана мамлекеттик тилди үйрөнүү боюнча аудио-видео материалдарды, басма материалдарын,
компьютердик программаларды, башка маалымат булактарын түзүү;
-мамлекеттик кызматкерлер, окутуучулар үчүн илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды, курстарды, кароо-
сынактарды, башка иш-чараларды өткөрүү;
-курстар үчүн окуу программаларын, окуу пландарын түзүүгө көмөктөшүү;
-квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштуруу;
-алды кы усулдук иш-тажрыйбаларды жайылтуу;ӊ
-жогорку окуу жайларына өтүүгө даярдоо, консультацияларды түзүүгө, которууга жардам көрсөтүү;
-министрликтердин, мамлекеттик мекеме-уюмдардын жана жеке адамдардын буюртмалары боюнча башка тилдерден
кыргыз тилине илимий жана көркөм адабияттарды, тексттерди, көрсөтмөлөрдү, документтерди, фирмалык бланктарды,
формулярларды, расмий кагаздарды, ишканалардын иш кагаздарын жана мекемелердин аттарын, рекламалык
кулактандырууларды которуу;
3. Борбордун укуктары
-кыргыз тилин, иш кагаздарын үйрөнүү курстарын уюштурууга, билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө;
-семинар, конференцияларды, илимий, усулдук билим берүү багытындагы ар кандай жыйындарды өткөрүүгө;
-окуу жана окуу-усулдук китептерди даярдоо, басып чыгарууга жана таркатууга;
-кызмат көрсөтүү чөйрөсүн ке ейтүүгө, ишмердүүлүктүн жа ы түрлөрүн киргизүүгө;ӊ ӊ
-менчигинин түрүнө карабастан мекеме-уюмдар менен кызматттык келишимдерди түзүүгө жана кызматташууга;
-эл аралык уюмдар менен өз алдынча кызматташууга;
-гранттык долбоорлорду жазууга жана ал боюнча иш жүргүзүүгө;
-мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн матеиалдык-техникалык шарттарын жакшыртуу максатында коомдук, экономикалык
ишмердүүлүктөрдү жүргүзүүгө;
-тажрыйба алуу максатында чет өлкөлөргө кызматкерлерин жөнөтүүгө жана ал жактан тажрыйбалуу адистерди чакыртууга;
4. Бобордун түзүлүшү жана аны башкаруу
4.1. Борбордун жогорку башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук
комиссия болуп саналат.
4.2. Борбордун уюштуруучусу төмөнкү маселелерди чечет:
-Борбордун жобосуна өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү;
-Борбордун ишмердүүлүгүндөгү артыкчылык берилүүчү багыттарды белгилөө;
-Борбордун жылдык отчетун угуу;
4.3. Борбордун ишин көзөмөлдөп туруу үчүн курамы 3 кишиден турган Көзөмөлдөө Кеңеши Мамлекеттик тилди өнүктүрүү
департаменти тарабынан 3 жылдык мөөнөткө дайындалат;
4.4.Көзөмөлдөө Кеңеши:
-Борбордун ишмердүүлүгүнө;
-Мыйзамдуулуктун сакталышына;
-Жободо көрсөтүлгөн максат-милдеттерден четтеп кетпөөсүнө көзөмөлдүк кылат.
4.5. Борбордун түзүмү:
4.6.Борбордун ишин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы
дайындаган директор жетектейт.
4.7. Борбордун директору:
-кадр маселесин чечет;
-борбордун штатын аныктайт;
-борбордун иш планын жана сарптоо сметасын бекитет;
-адистердин жүргүзгөн иштерине көзөмөлдүк жасайт;
-жылына бир жолу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдында отчет
берет;
-борбордун каржы-эсеп, өндүрүштүк иштерин, жетекчиликке алат;
-жана башка мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде аракеттенет;
5.Борбордун финансы-чарба ишмердүүлүгү жана мүлкү
5.1.Борбордун финансы каражаттары төмөнкү булактардан турат:
-окуу үчүн төлөнгөн каражаттардан;
-консультациялык, маалыматтык кызмат өтөөдөн түшкөн каражаттардан;
-басма иштерин жүргүзүүдөн;
-чыгармачылык иштерди жүргүзүүдөн;
-демөөрчүлөрдөн, гранттык каражаттардан, жеке адамдардан жана мыйзамга туура келген башка булактардан түшкөн каражаттардан
топтолот.
5.2. Табылган киреше тиешелүү төлөмдөрдөн, салыктардан кийин Борбордун максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга
жумшалат:
-жабдууларга, окуу пландарын, программаларын, окуу жана окуу-усулдук куралдарын түзүүгө;
-Борбордун материалдык-техникалык базасын чыңдоого;
-Борборду кармап турууга жана өнүктүрүүгө кеткен чыгымдарды төлөөгө;
-Борбордун кызматчыларынын айлык акыларын төлөөгө, сыйлык берүүгө жана материалдык жактан колдоого;
5.3.Борбор тиешелүү тартипте бухгалтердик отчеттуулукту ишке ашырат.
Жобо бекитилгенден кийин расмий күчүнө кирет.
6. Өзгөртүп түзүү жана жоюу
6.1.Борбор өзүнүн ишмердүүлүгүн өзгөртүп, кайра түзүүнүн жана жоюунун негизинде токтотот.
6.2.Өзгөртүп. кайра түзүлгөн учурда бардык өзгөртүүлөр уюмдун жобосуна киргизилет.
6.3.Борбордун ишмердүүлүгүн токтотуу учурунда пайда болгон иш кагаздар Кыргыз Республикасынын “Архивдик фонду жөнүндө”
мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын Президентине
караштуу Мамлекеттик тил боюнча
улуттук комиссиянын алдындагы
Окуу-маалымат борборунун директору А. Исманкулова
ИШЕНИМ КАТ
(Доверенность)
Мекеме, ишкана, бирикме же жеке кишинин
атынан иш жүргүзүү үчүн экинчи бир кишиге
ишеним билдирилген жана анын өкүлдүгүн
аныктап жазылуучу иш кагазы – ишеним кат.
Ал мазмуну жагынан ар түрдүү келип,
бирөөнүн мал, мүлкүн башкаруу, акча жана
материалдык байлыктарын алуу, сот
процессинде тигил же бул ишти алып баруу
жана башка иштерди турмушка ашырууга
укуктуу экендигин күбөлөндүрөт.
Мөөр Ишеним кат
Кыргыз
Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик
бажы кызматынын
Камсыздоо
борборунун эсепчиси
Кыдыров Кайрат
Рысбековичке
“Эл аралык “Манас” ачык акционердик аэропорту менен 2011-жылдын экинчи жана
үчүнчү кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик
бажы кызматына Франция, Германия, Англия өлкөлөрүнө каттамдарды уюштуруу
келишимин түзүү жөнүндө жана ага байланыштуу бардык жумуштарды аткарууга укук
берет.
Ишеним кат 2011-жылдын 30-ноябрына чейин жарактуу.
К.Р. Кыдыровдун Токмок шаарынын ички иштер Колунун
үлгүсү бөлүмү тарабынан 2005-жылдын
10-октябрында берилген
Жогорудагы ишеним кат бир гана жолу, кызматкер кыска мөөнөттө бир
гана ишти бүткөрүүгө, тагыраак айтканда келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк
берет.
Өзгөчө мүнөздөгү ишеним каттын үлгүсү:
Ишеним кат
Ушул ишеним кат Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик
тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борборунун директору
Исманкулова Айнура Төлөбековнага (паспорт АN 1859316 ИИМ 50-55 2010-жылы 8-
июлда Бишкек шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан берилген) берилди.
Ишеним кат аркылуу Исманкулова Айнура Төлөбековна Окуу-маалымат борборунун
тиешелүү документтерин Бишкек шаарынын юстиция башкармалыгынан каттоодон
өткөрүү үчүн даярдоого жана күбөлүгүн алууга укуктуу.
Ишеним кат бир айлык мөөнөткө 2011-жылдын 22-июлуна чейин берилди.
Төрага (колу) Р. Момбеков
18.05.11.
Жеке ишеним катттын үлгүсү:
Ишеним кат
Мен, Абдылдаева Айнур Нуралиевна, мага тиешелүү 2011-жылдын май айынын
айлыгын кесиптешим Аликеева Айнура Талаповна алып коюусуна ишенем.
Абдылдаева Айнур Нуралиевна Паспорт № А 1281812
ИИМ-50-02 (колу)
2011-ж. 1-июнь.
мамтил рахат
мамтил рахат
мамтил рахат
мамтил рахат
мамтил рахат
мамтил рахат
мамтил рахат
мамтил рахат
мамтил рахат
мамтил рахат
мамтил рахат
мамтил рахат
мамтил рахат
мамтил рахат
мамтил рахат
мамтил рахат
мамтил рахат
мамтил рахат
мамтил рахат
мамтил рахат
мамтил рахат
мамтил рахат

Contenu connexe

Tendances

Tipos de documentos gtc 185
Tipos de documentos gtc 185Tipos de documentos gtc 185
Tipos de documentos gtc 1852212518
 
Інструкція з діловодства в місцевих та апеляційних судах України
Інструкція з діловодства в місцевих та апеляційних судах УкраїниІнструкція з діловодства в місцевих та апеляційних судах України
Інструкція з діловодства в місцевих та апеляційних судах УкраїниPravotv
 
мамтил рахат
мамтил рахатмамтил рахат
мамтил рахатKasymbaev
 
Documentos administrativos
Documentos administrativosDocumentos administrativos
Documentos administrativosVivianwdaniela
 
2.2. procesador de textos
2.2. procesador de textos2.2. procesador de textos
2.2. procesador de textosEfrainfive
 
Combination vowels and consonants
Combination vowels  and  consonantsCombination vowels  and  consonants
Combination vowels and consonantsDanielaEchavarria5
 
20 patarimų kaip pasiruošti sėkmingam pokalbiui dėl darbo
20 patarimų kaip pasiruošti sėkmingam pokalbiui dėl darbo20 patarimų kaip pasiruošti sėkmingam pokalbiui dėl darbo
20 patarimų kaip pasiruošti sėkmingam pokalbiui dėl darboRita Karavaitiene
 
Tipos de documentos comerciales y sus partes
Tipos de documentos comerciales y sus partesTipos de documentos comerciales y sus partes
Tipos de documentos comerciales y sus partesvictoriaesarria
 
Правове регулювання договору (контракту) міжнародної купівлі-продажу товарів....
Правове регулювання договору (контракту) міжнародної купівлі-продажу товарів....Правове регулювання договору (контракту) міжнародної купівлі-продажу товарів....
Правове регулювання договору (контракту) міжнародної купівлі-продажу товарів....Kyiv National Economic University
 
Documentos administrativos
Documentos administrativos Documentos administrativos
Documentos administrativos zharick0598
 
GESTIÓN AUXILIAR DE DOCUMENTACIÓN ECONÓMICO- ADMINISTRATIVA
GESTIÓN AUXILIAR DE DOCUMENTACIÓN ECONÓMICO- ADMINISTRATIVAGESTIÓN AUXILIAR DE DOCUMENTACIÓN ECONÓMICO- ADMINISTRATIVA
GESTIÓN AUXILIAR DE DOCUMENTACIÓN ECONÓMICO- ADMINISTRATIVATAREIXA TRIGO
 
Clasificación Documentos Administrativos
Clasificación Documentos AdministrativosClasificación Documentos Administrativos
Clasificación Documentos Administrativoserikandrea99
 

Tendances (20)

Урок №7
Урок №7Урок №7
Урок №7
 
Tipos de documentos gtc 185
Tipos de documentos gtc 185Tipos de documentos gtc 185
Tipos de documentos gtc 185
 
Інструкція з діловодства в місцевих та апеляційних судах України
Інструкція з діловодства в місцевих та апеляційних судах УкраїниІнструкція з діловодства в місцевих та апеляційних судах України
Інструкція з діловодства в місцевих та апеляційних судах України
 
мамтил рахат
мамтил рахатмамтил рахат
мамтил рахат
 
Documentos administrativos
Documentos administrativosDocumentos administrativos
Documentos administrativos
 
Documentos Administrativos
Documentos Administrativos Documentos Administrativos
Documentos Administrativos
 
Norma tecnica 3394
Norma tecnica 3394Norma tecnica 3394
Norma tecnica 3394
 
COEM 3002 el memorando
COEM 3002 el memorandoCOEM 3002 el memorando
COEM 3002 el memorando
 
2.2. procesador de textos
2.2. procesador de textos2.2. procesador de textos
2.2. procesador de textos
 
Combination vowels and consonants
Combination vowels  and  consonantsCombination vowels  and  consonants
Combination vowels and consonants
 
20 patarimų kaip pasiruošti sėkmingam pokalbiui dėl darbo
20 patarimų kaip pasiruošti sėkmingam pokalbiui dėl darbo20 patarimų kaip pasiruošti sėkmingam pokalbiui dėl darbo
20 patarimų kaip pasiruošti sėkmingam pokalbiui dėl darbo
 
Tipos de documentos comerciales y sus partes
Tipos de documentos comerciales y sus partesTipos de documentos comerciales y sus partes
Tipos de documentos comerciales y sus partes
 
Правове регулювання договору (контракту) міжнародної купівлі-продажу товарів....
Правове регулювання договору (контракту) міжнародної купівлі-продажу товарів....Правове регулювання договору (контракту) міжнародної купівлі-продажу товарів....
Правове регулювання договору (контракту) міжнародної купівлі-продажу товарів....
 
Handbook of bangla fruits tanbircox
Handbook of bangla fruits   tanbircoxHandbook of bangla fruits   tanbircox
Handbook of bangla fruits tanbircox
 
Documentos de oficina publicación
Documentos de oficina publicaciónDocumentos de oficina publicación
Documentos de oficina publicación
 
Carta Poder
Carta PoderCarta Poder
Carta Poder
 
Documentos administrativos
Documentos administrativos Documentos administrativos
Documentos administrativos
 
GESTIÓN AUXILIAR DE DOCUMENTACIÓN ECONÓMICO- ADMINISTRATIVA
GESTIÓN AUXILIAR DE DOCUMENTACIÓN ECONÓMICO- ADMINISTRATIVAGESTIÓN AUXILIAR DE DOCUMENTACIÓN ECONÓMICO- ADMINISTRATIVA
GESTIÓN AUXILIAR DE DOCUMENTACIÓN ECONÓMICO- ADMINISTRATIVA
 
Redacción admi
Redacción admiRedacción admi
Redacción admi
 
Clasificación Documentos Administrativos
Clasificación Documentos AdministrativosClasificación Documentos Administrativos
Clasificación Documentos Administrativos
 

мамтил рахат

  • 1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү Бишкек – 2012
  • 2. Өздүк иш кагаздары жарандар тарабынан даярдалат. Мындай иш кагаздары жарандар менен жарандардын же жарандар менен мекемелердин ортосундагы түрдүү укуктук мамилелерди тейлейт. Ушундан улам өздүк иш кагаздарын – жеке-уюштуруу, же болбосо расмий эмес иш кагаздары деп дагы белгиленип жүрөт. Аларга: арыз, түшүнүк кат, тил кат, өмүр баян, анкета, өздүк баракча, кулактандыруу, жарыя жана башкалар кирет.
  • 3. Уюштуруу-тескеме иш кагаздарына өкмөт, мамлекет тарабынан кабыл алынган расмий иш кагаздары кирет. Аларга токтом, жарлык, буйрук, көрсөтмө, акт, тескеме, пртокол ошондой эле уюштуруу, башкаруу мүнөзүндөгү башка иш кагаздары да кирет. Негизинен, иш кагаздарынын ичинен уюштуруу-тескеме иш кагаздары саны, аткарылуу өзгөчөлүгү жана түрлөрү боюнча жеке-уюштуруу иш кагаздарынан кескин айырмаланат. “Расмий иш кагаздары” деген атоонун өзү да шарттуу болуп саналат. Ошол себептен, “расмий иш кагаздары” деген атоо бул китепте, уюштуруу-тескеме иш кагаздары (организационно- распорядительные документы) деген атоо менен аталат (КРдин №370 токтомуна ылайык).
  • 4.  Ички иш кагаздары - белгилүү бир уюмдун ичинде, анын мүчөлөрүнүн ортосунда же жеке адамдар менен ошол уюмдун ичинде гана пайдаланылат. Мындай иш кагаздарга: арыз, түшүнүк кат, тил кат, буйрук, өздүк баракча, мүнөздөмө, өмүр баян, таржымал ж.б. кирет.  Тышкы иш кагаздары – уюм жана мекемелер ортосунда же алар менен жеке адамдардын ортосунда түрдүү мамилелерди тейлөө үчүн колдонулуучу иш кагаздары. Мындай иш кагаздарына ишеним кат, кызмат каттары, иш сапар күбөлүгү, келишим ж.б. кирет.
  • 5. Иш кагаздарын түзүлүшүнө жана мазмунуна карап жөнөкөй жана татаал деп бөлүүгө болот.  Жөнөкөй иш кагаздары текстте зарыл болгон бир гана маселени камтыйт. Мисалы, көлөмү канча экенине карабастан, ар кандай өмүр баян бир гана маселени, бир адамдын турмушта басып өткөн жолун баяндайт.  Татаал иш кагаздары текстте эки же андан көп маселени камтыйт. Мисалы, буйрукта аткарылуучу иштер атайын параграфтар менен белгиленет (1§та кимдир бирөө жумушка алынса, 2§та кимдир бирөө кызматтан бошотулат). Чогулуш протоколун да татаал иш кагаздар тобуна кошууга болот. Бирок иш кагаздарын мазмунуна карай жөнөкөй жана татаал иш кагаздары деп бөлүү шартуу мүнөзгө ээ. Себеби, кээде буйрук да, чогулуштун протоколу да бир эле маселени камтып калышы мүмкүн.
  • 6. Иш кагаздары маалыматтык жана эрк билдирүүчү иш кагаздары болуп да бөлүнөт. Маалыматтык иш кагаздарына маалым кат, тил кат, түшүнүк кат, мүнөздөмө, таржымал ж.б. кирет. Булардын мазмунунда иш кагазынын ээси тууралуу маалымат берилет. Ал эми эрк билдирүүчү, башкача айтканда, буйрук берилген иш кагаздарына токтом, чечим, көрсөтмө, тескеме, жарлык, жобо, устав ж.б. иш кагаздары кирет. Мында иш кагаздарынын аталыштары айтып тургандай, буйрук берген, тескеген иш кагаздары - эрк билдирүүчү иш кагаздары (волюнтативдик) болуп саналат. Кээде айрым иш кагаздары жогорудагы эки маселени тең камтыйт, маселен, протокол.
  • 7. Иш кагаздарында колдонулган сөз каражаттарына карай иш кагаздарын эркин регламенттелген, атайын регламенттелген, жарым жартылай регламенттелген деп ажыратууга болот.  Эркин регламенттелген (түзүлгөн) иш кагаздарына арыз, тил кат, түшүнүк кат, таржымал, өмүр баян, мүнөздөмө ж.б. кирет. Себеби аларда туюндурулган мазмун, каралган маселе бири-биринен айырмаланат, эркин түзүлөт.  Атайын регламенттелген иш кагаздарына токтом, мыйзам, кодекстер, жобо, чечим, тескеме, нускама, көрсөтмө, буйрук ж.б. иш кагаздары кирет. Мындай иш кагаздарында козголгон маселелер ар кандай болгону менен, өзүнө тиешелүү, мүнөздүү сөздөр менен жазылат жана түзүлөт.
  • 8. Иш кагаздарынын маалым даректери: 1.Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби; 2.Уюмдун эмблемасы; 3.Уюмдун алган сыйлыгынын сүрөтү; 4.Уюмдун жалпы классификатор боюнча коду; 5.Башкаруу иш кагазынын жалпы классификатор боюнча коду; 6. Министрликтин же ведомствонун аталышы; 7. Мекеменин аталышы; 8. Түзүмдүк тармактын же бөлүмдүн аталышы; 9. Байланыш ишканасынын индекси, почта жана телеграф дареги, телетайп номери, телефакстын коду, телефон номери, банктагы өздүк эсеп;
  • 9. 10. Иш кагаздын түрүнүн аты; 11. Дата (жыл, күн, ай); 12. Катар номери (индекси); 13. Иш кагаздын келип түшкөн датасына жана индекске шилтеме; 14.Түзүлгөн же басылган жайы; 15.Иш кагазын пайдаланууга чек койгон гриф (“Кызматта пайдалануу үчүн”, “Жашыруун”, “Өтө жашыруун”); 16.Иш кагазын алуучу (адресат); 17. Бекитүү грифи; 18. Резалюция; 19.Тексттин аталышы; 20. Көзөмөлдөө жөнүндөгү белги; 21.Текст; 22. Тиркеменин бар экендиги жөнүндө белги;
  • 10. 23. Колу; 24. Макулдашуу грифи; 25. Макулдук белги (виза); 26. Мөөр; 27. Көчүрмөнүн күбөлөндүрүлгөнү тууралуу белги; 28. Аткаруучунун аты-жөнү, телефон номери; 29. Иш кагазынынын аткарылгандыгы жана анын иш кагаздар көктөмөсүнө (делого) жиберилгендиги жөнүндө белги; 30. Иш кагазындагы маалыматтардын машинада сакталгандыгы жөнүндө белги; 31. Иш кагазынын келип түшкөндүгү жөнүндө белги.
  • 11. Иш кагаздарынын бланкы Кызмат иш кагаздары А4 (210х297) менен А5 (148х210) форматында басмаканада басылып чыгарылган жана МАМСТ 9327-60 талаптарына ылайык келген бланктарга даярдалат. Документтердин айрым түрлөрү үчүн А3 (297х420) фоматын колдонууга жол берилет[1]. Бланктардын талаалары төмөндөгүдөй: сол жагы – 20-35 мм, оң жагы - 8 мм, үстү жагы кеминде - 10 мм, төмөн жагы кеминде – 8 мм. Мекеменин бланкы жок болгон учурда документке ошол мекеменин бурч мөөрү коюлат. Бланк бир түстөгү, негизинен, кара боёк менен жана ак түстөгү кагазга басылат. МАМСТ 6.38- 90 стандартында бланктарды басууда сунуш кылынуучу басмаканалык тарифтер көрсөтүлгөн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 30-сентябрындагы № 665 токтомунун редакциясына ылайык). [1] Кыргыз Республикасында башкарууну документ менен камсыз кылуу (иш кагаздарын жүргүзүү) боюнча Типтүү нускоо. 1995-жылдын 25-августу, №370 токтом.
  • 12. Иш кагаздарынын аталышы жана жазылышы Иш кагаздарынын аталышы анын темасы болуп саналат. Иш кагаздарынын аталышы баш тамгалар менен жазылат жана ташымалданбайт, аягына чекит коюлбайт. Документтин аталышы он тамгага жетпесе, ортолору боштук менен ажыратылат: Т О К Т О М, А К Т, Ж А Р Л ЫК, К Е Л И Ш И М. Эгерде аталыштар узун болсо, кийинки саптарга бөлүнүп жазылат, бирок ташымалданбайт. Иш кагазынын аталышы менен текст аралыгы тексттин интервалына жараша коюлат. Мисалы: текст бир жарым интервал менен терилсе, документтин аталышы менен тексттин аралыгы үч болот. Ошондой эле кээде тексттен кийин тема (аталышы) келе турган болсо, экөөнүн ортосу эки эсеге көбөйтүлөт. Мисалы: текст эки интервал менен жазылса, текст менен теманын аралыгы төрт болууга тийиш. Иш кагаздардын аталыштары, негизинен, кагаздын ортосуна жазылат. Эгерде текст көлөмдүү болуп бир нече барактан турса, ага номер коюлат. Иш кагаздарынын биринчи бетине номер коюлбайт да, ал биринчи бет деп эсептелет. Номер араб цифрасы менен барактын ортосуна жогорку талаадан 10-15 мм ылдый аралыкта чекитсиз жана сызыкчасыз коюлат.
  • 13. Иш кагаздарын жөнөтүү Иш кагаздарын даректерге жөнөтүүдө төмөнкү учурлар эске алынууга тийиш. 1. Мисалы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик архив агенттиги Уюштуруучу-методикалык бөлүмдүн башчысы Д.И.Казыевага
  • 14. 2. Иш кагазы мекеменин жетекчисине багышталса, мекеменин, уюмдун аталышы алуучунун кызмат курамына кирет: 3. Бир тектүү уюмдарга, мекемелерге документ жөнөтүүдө алуучу жалпыланып көрсөтүлөт. Мисалы: Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Тышкы иштер министри Р.А.Казакбаевге Министрликтер менен ведомстволорго Мектептердин директорлоруна
  • 15. Иш кагазын жарандарга жөнөтүүдө биринчи почта дареги, андан кийин алуучунун аты-жөнү көрсөтүлөт. Мисалы: 720041, Бишкек шаары, Чуйков көчөсү, 21 А.С. Кутмановага Кыргыз тилинде адамдын аты менен атасынын аты кыскартылып фамилиядан мурун жазылат. Ал эми куттуктоолордо, маарекелерде, чакырууларда кат алуучунун аты жана атасынын аты чечмеленип берилет: Мисалы, А.Кутманова эмес, Айнура Сагыновна!
  • 16. Иш кагазын күбөлөндүрүү Иш кагаздарынын кээ бир түрлөрү өзгөчөлүгүнө карата уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Мамлекеттик деңгээлдеги документтердин (мисалы: жарлык, өкмөттүк токтом, буйрук, тескеме) кол коюлган түп нускасы өздөрүндө сакталат, ал эми алардын тийиштүү мекемелерге жөнөтүлүүчү көчүрмөлөрүнө колдун көчүрмөсүсүз эле мөөр басып жөнөтүү жетиштүү. Мөөр коюлган мындай документтер түп нуска катары эсептелет. Мисалы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011- жылдын 23-июнундагы №762-V Токтомун алсак: Төрага мөөр коюлат А.Келдибеков
  • 17. Колу” маалым дареги жетекчинин аткарган кызматынан, жетекчинин колунан жана аты-жөнүнөн турат. Алар бир сызыкта жайгашат. Барактын сол “ жагына аткарган кызматынын аталышы, ортосуна колу, оң жагына кол коюп жаткан адамдын аты-жөнү берилет. Мисалы: “Түндүк электр” ААКнын башкы директору (колу) Т. Токтогулов
  • 18. Мекеменин бланктарына жазылган иш кагаздарында жетекчинин аткарган кызматынын аталышы менен мекеменин аталышы бирге көрсөтүлбөйт. Себеби мекеменин аты бланктын өзүндө көрсөтүлгөн болот. Эгерде иш кагазы актай баракка жазылган болсо, кол койгон жетекчинин кызматынын атына мекеменин толук аталышы кошулуп көрсөтүлөт. Мисалы: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу жана маалымат борборунун директору (колу) А.Исманкулова
  • 19. Иш кагазына кызмат абалы бирдей даражадагы адамдар, жетекчилер кол коюшса, алар бир сызыкта удаа жайгаштырылат. Документке кол коюучу жетекчи жок учурда анын ордуна орун басар же убактылуу милдетин аткаруучу адам кол койсо, кызматтын аталышынын алдына бөлчөк сызыгы коюлат же “үчүн” жандоочу пайдаланылат. Мисалы: Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын коргоо министри Юстиция министри (колу) А.Кудайбердиев (колу) А.Мухамеджанов / Башкы директор (орун басардын колу) К. Оторбаев Башкы директор үчүн (орун басардын колу) К.Оторбаев
  • 20. Эгерде мекеменин жетекчиси жок учурда “колу” маалым дарегинде башка кызмат аталыш менен же орун басар же милдетин аткаруучунун кызмат орду көрсөтүлсө, анда бөлчөк сызыгы менен “үчүн” жандоочу жазылбастан, орун басардын колу коюлат. Мисалы: Башкы директордун орун басары (колу) К.Иманалиев
  • 21. Иш кагазын макулдашуу * саркер (аскер.) - командир ** зардал (аскер.) - начальник Иш кагазынын мазмуну менен макул болбогон, толуктоолор же эскертүүлөр, сын көз караштар болгон учурда алар өзүнчө баракка тиркелет да. үлгүсү төмөнкүндөй болот: Штаб саркери* (колу) Н.Султаналиев Макулмун Уюштуруу бөлүмдүн зардалы** (колу) Э.Насыров 18.02.12. Штаб саркери (колу) Н.Султаналиев Макул эмесмин Уюштуруу бөлүмдүн зардалы (колу) Э.Насыров Эскертүүлөр тиркелет 18.02.12.
  • 22. Тышкы макулдашуу грифи, макулдашуу барагы менен жол- жоболоштурулат. Макулдашуу грифи “МАКУЛДАШЫЛДЫ” сөзүнөн, макулдук берген адамдын кызмат ордунан, колунан, анын чечмеленишинен (аты-жөнүнөн) жана макулдашылган датадан турат. Ал “колу” маалым дарегинен кийин бланктын сол тарабына жайгаштырылат. Мисалы: Кыргыз Республикасынын Патент кызматынын башкы директору (колу) Н.Маматбаева МАКУЛДАШЫЛДЫ «Кут дүйнө» акционердик коомунун маркетинг бөлүмүнүн директору (колу) М.Сейталиев
  • 23. Ар бир тарап үчүн экиден нуска даярдалат жана алардын ар бири бирдей укуктук күчкө ээ болот. Ошондой эле макулдашуу барагы тараптардын мөөрү менен ырасталат. Мисалы: “Айыл банк” ачык акционердик коому менен “Акыл” мамлекеттик акционердик коомунун МАКУЛДАШУУ БАРАГЫ МАКУЛДАШЫЛДЫ МАКУЛДАШЫЛДЫ “ Айылбанк” ачык “Акыл” мамлекеттик акционердик коомунун акционердик коомунун башкы директору башкы директору (колу) А.Ашырахманова (колу) Н.Ажиева 15.08.05. 15.08.05. мөөр орду мөөр орду
  • 24. Иш кагазын бекитүү Иш кагаздарынын айрым түрлөрү бекитүүнү талап кылат жана ал иш кагазы бекитилгенден кийин гана укуктук күчкө ээ болот. Иш кагазын бекитүү эки түрдүү жол менен бекитилет: 1) токтом, чечим, буйрук менен; 2) БЕКИТИЛДИ, БЕКИТИЛГЕН, БЕКИТЕМИН деген грифтин бирин коюу менен[1]. Тескеме иш кагаздары менен бекитүү качан иш кагаздарына кошумча түшүндүрмөлөр жана эскертүүлөр талап кылынган учурда түзүлөт. Мисалы иш кагазын тескеме документ менен бекитүү зарылдыгы туулса, бекитүү грифи төмөнкүдөй түзүлөт: БЕКИТИЛДИ (БЕКИТИЛГЕН) сөзү, тескеме документтин аталышы атооч жөндөмөсүндө, коюлган дата жана номер коюлат. Алар бланктын оң тарабына жайгаштырылат. Мисалы: [1] Т.Ахматов, Т.Аширбаев. Иш кагаздары, Бишкек, 2001-ж. 34-бет
  • 25. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 25-августундагы №370 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын башкаруу ишин документациялык камсыздоо (иш кагаздар) боюнча ТИПТҮҮ НУСКОО
  • 26. БЕКИТИЛГЕН сөзү менен байламтасы менен бирге бериле турган болсо, кичине арип менен жазылат деп жогруда көрсөтүлгөн китепте берилет. Бирок иш кагаздарын бекитүүдө негизги кызматты БЕКИТИЛГЕН, БЕКИТЕМИН, БЕКИТИЛДИ сөздөрү аткарып жаткандыктан жана аткарган кызматтары бирдей болгондуктан, мында да, “БЕКИТИЛГЕН” деген сөз алдыга чыгарылып жазылууга жол берилет. Мисалы: БЕКИТИЛГЕН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 25-августундагы №370 токтому менен Кыргыз Республикасынын башкаруу ишин документациялык камсыздоо (иш кагаздар) боюнча ТИПТҮҮ НУСКОО
  • 27. Калган учурда БЕКИТИЛДИ, БЕКИТЕМИН грифтери баш тамгалар менен төмөнкүдөй жазылат. Мисалы: БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коллегиясынын токтому 21.12.11. № 14 ______________
  • 28. Эгерде документ белгилүү кызмат адамы (мекеменин жетекчиси, анын орун басары) тарабынан бекитиле турган болсо, бекитүү грифи төмөнкүдөй элементтерден: БЕКИТЕМИН сөзүнөн, кызмат ордунан, колунан, аты, фамилиясынан, бекитилген датадан турат. Мисалы: Иш кагаздарын бекитүү грифи тырмакчага алынбастан баш тамгалар менен обочолонуп жазылат жана зарылдыгына жараша мекеменин же уюмдун мөөрү коюлушу мүмкүн БЕКИТЕМИН Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (колу) Т.Токоев 13.06.08.
  • 29. Иш кагазындагы белгилер Кириш каттоо номери маалым дареги иш кагазы мекемеге келгенде жогорудагы индексте көрсөтүлгөндөй коюлат. Мисалда берилген 7- мекеменин түзүмдүк бөлүмүнүн шарттуу белгиси, 025-номенклатура боюнча көктөмөнүн номери, 1107- документтин каттодогу катар саны, 02.03.12.-документ мекемеге келип түшкөндө коюла турган дата. Келген иш кагаздарына кириш бурч мөөрү (штамп) басылып, ага кириш каттоо номерлери коюлат, ал бланктын оң тарабынын ылдыйкы бурчуна жайгаштырылган. Эгерде бурч мөөрдү коё турган ачык тилке жок болсо, анда жазылган тексттин үстүнө айырмаланган түс менен бурч мөөр басууга болот.
  • 30. Чыгыш каттоо номери да келген иш кагаздарынын кириш каттоо номеринин шарттуу белгилерине окшош коюлат. Мисалы 03-4/814 25.10.10. индекси коюлду дейли. Мында 03-документтии даярдаган түзүмдүк бөлүмдүн индекси, 4-номенклатура боюнча документтин көчүрмөсү тиркеле турган көктөмөнүн номери, 814-документтин катар саны. Ал эми 25.10.10.-документти сыртка жөнөтүүдө коюлган дата.
  • 31. Тиркеме бар экендиги жөнүндө белги. Кызматтык иш кагаздарынын айрым түрлөрү тиркемелер менен берилет. Мисалы: Эгерде тиркеме иш кагазында көрсөтүлгөн даректин баарына жөнөтүлбөсө, анда тиркеме бар экендиги төмөнкүдөй түрдө жазылат. Мисалы: Тиркеме: 5 баракта, 2 нускада биринчи дарекке. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2002-жылдын 28-июнундагы З №830-II токтомуна тиркеме
  • 32. Документтин аткарылгандыгы жана көктөмөгө жөнөтүлгөндүгү жөнүндөгү белги Документтин “аткарылгандыгы жөнүндө белги” маалым дареги аткаруучунун аты-жөнүнөн жана анын телефон номеринен турат да, ал чыккан иш кагаздарына коюлуучу белги болуп саналат. Иш кагазындагы мындай белги документти даярдаган адам менен байланышууга жана козголуп жаткан маселелени тактоого же түшүндүрмө алууга шарт түзөт. МАМСТ 6.38-90 боюнча мындай маалым дарек иш кагазынын акыркы барагынын бет жагына же анын арт жагына, ылдыйкы сол бурчка кичине арип менен жазылат. Мисалы: Аткарган М.Тагаев Тел: 36 84 42
  • 33. Мында Тагаев - документти аткарган адамдын фамилиясы, 36 84 42 анын телефон номери. Зарыл учурда жана жашыруун документтерде, документти терген катчы адамдын индекси, басылган нускаларынын саны, күнү, айы, жылы аткаруучунун аты-жөнүнөн кийин берилши мүмкүн[1]. Мисалы: документ 2012-жылдын 6-мартында 3 нускада Базаралиева Гүлзат деген катчы тарабынан терилди дейли: Аткарган М.Тагаев Тел: 36 84 42 БГ 3 06.03.12. [1] Т.Ахматов, Т.Аширбаев. Иш кагаздары, Бишкек, 2001-ж. 37-бет Мында БГ – катчынын индекси. Ал Базаралиева Гүлзат, аты менен фамилиясы баш тамгаларынан кыскартылып берилди, 3 - терилген иш кагаздын нускасынын саны, калганы дата (күнү, айы, жылы) коюлду.
  • 34. Иш кагазын аткаргандыгы жана аны көктөмөгө жөнөткөндүгү жөнүндөгү белги, маселе чечилер жана документти жөнөтөр замат коюлат. Ал “Көктөмөгө” сөзүнөн, документ тиркеле турган көктөмөнүн номеринен, документти аткаруу жөнүндө кыскача маалыматтан, колдон жана датадан (күнү, айы, жылы) турат. Ал документтин сол тарабынан ылдыйкы талаасына коюлат. Мисалы: Көктөмөгө 04-8/110 16.08.09 Ф.Иманалиева 17.08.09
  • 35. Көзөмөл жөнүндө белги Мындай маалым дарек аткарууну талап кылган жана көзөмөлгө алына турган иш кагаздарына коюлат. Көзөмөл белгиси К тамгасынан же Көзөмөл бурч мөөрүнөн документтин аталышы менен бирдей деңгээлде барактын сол тарабына же атайын бөлүнгөн терезеге коюлат. Терезенин өлчөмү 16х18 мм болот[1]. Мисалы: Же: [1] Кыргыз Республикасында башкарууну документ менен камсыз кылуу (иш кагаздарын жүргүзүү) боюнча Типтүү нускоо, 1995-жылдын 25-августу №370 токтом К Апрель элдик революциясына карата эскерүү күнүн уюштуруу Апрель элдик революциясына карата эскерүү күнүн уюштуруу Көзөмөл
  • 36. Барактарга номер коюу Иш кагаздарына номер коюлат. Документ бир барактан турса, ага номер коюлбайт. Бир нече барактан турган документтерге номер араб цифрасы менен эч кандай сызыкчасыз жана чекитсиз коюлат. Ал барактын ортосунан жогорку талаадан 10-15 мм аралыкта орун алат.
  • 37. Иш кагаздарынын көчүрмөлөрүн даярдоо Иш кагазын күбөлөндүргөндө “колу” маалым дарегинен мурда “анык” деп жазылат жана көчүрмөнү күбөлөндүрүп жаткан адамдын кызматынын аты, аты- жөнү, колу жана күбөлөндүрүү датасы коюлат. Мисалы: Көчүрмө Эмгек китепчеси Анык Эмгек инспекциясынын директору (колу) Ч.Жуманова 16.08.78
  • 39. Арыз (Заявление) Өтүнүч арызы Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын жетекчиси Э.С. Каптагаевге Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Сот органдары бөлүмүнүн башчысы, Бишкек шаарынын «Чыгыш-5» кичи районунун 12-үй 44-батиринин жашоочусу К. А. Дүйшеевден Арыз Мага Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун ишин текшерүү үчүн, иштин зарылдыгына байланыштуу 2011-жылдын 8-октябрынан 19-октябрына чейин иш сапарга чыгууга уруксат этүүңүздү өтүнөм. 05.10.2011. (колу) К. А. Дүйшеев
  • 40. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директору А. Калмаматовго Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын изилдөө бөлүмүнүн серепчиси, Бишкек шаарынын «Жал» кичи районунун 19-үй, 57-батиринин тургуну Ш. К. Айылчиевден Арыз Мага ден соолугумду чыңдоого байланыштуу 2011-жылдын 1-мартынан 15- мартына чейин кезексиз эмгек өргүү берүүңүздү суранам. Тиркеме: 1. Дарт аныктаманын көчүрмөсү. (1 бет) 28.02.12. (колу) Ш. К. Айылчиев Эмгек өргүү арызы.
  • 41. Жарандар кызматтан эмгек тартиби боюнча же кезексиз өргүүгө чыкканда жазылат: Кыргыз Республикасынын Президетине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Р.Ч.Момбековго Котормо, терминология, жарнама жана маалымат бөлүмүнүн башчысы Аалы Молдокановдон Арыз 2011-жылдын 26-июлунан баштап кезектеги эмгек өргүүгө чыгууга уруксат берүүнүздү өтүнөм. 25. 07. 2011-ж. (колу) А. Молдоканов
  • 42. Эмгек өргүүсүнөн кайтуу арызы Кызматкерлер эмгек өргүүсүнөн кайра кызматка киришүү үчүн жазылуучу иш кагазы. Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору, академик В. И. Нефадьевге кыргыз тили кафедрасынын доценти, Г. А. Васильковадан Арыз Мени эмгек өргүүсүнөн кийин 2011- 2012-окуу жылынын
  • 43. Жумушка кирүү арызы Жарандар кызматка же жумушка кирүүдө мекеменин жетекчисинин атына жазылат. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Р. М. Момбековго Аламүдүн-1 кичи районунун №64 үйдүн 7- батирини тургуну Бирназарова Гүлмирадан
  • 44. Топтук арыз Жогорку органдарга, жергиликтүү бийликке, айылдык ке ешке, айылӊ өкмөтүнө айрым учурда көпчүлүктүн атынан суроо, өтүнүч, доо түрүндө арыз жазылат. Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары Ассамблеясынын президенти Мырза Саид Баюмиге Чүй областынын Таш-Дөбө айылындагы кургак учукка каршы бейтапкананын дарылануучуларынан Арыз Биздин ооруканада жүзгө жакын бейтаптар кургак учук дарты боюнча дарыланып жатат. Булардын 30га жакыны өспүрүм курактагылар. Оорудан сакаюу үчүн күчтүү дары-дармек жана кубаттуу тамак-аш керектелет. Бирок биздин бейтапканага мамлекет тарабынан жогорудагы талаптарды аткарып, аларды камсыз кылууга ылайык каражат бөлүнгөн жок. Бир күнгө болгону 60 сом бөлүнгөн. Сизди элибиз журтубуздун эртеңки келечегин ойлогон, мекенчил жигити катары тааныйт. Бул көйгөйгө сиздин көмөк көрсөтүүңүзгө ишенебиз. 01.06.2011-ж. Дарылануучулар (колдору) Аты, жөнү
  • 45. Которулуу арызы. Кызматкерлер кызматтык абалынан өзгөрүүгө дуушар болгондо, мекемеден башка мекемеге которулганда ж.б. себептерде жазылуучу иш кагазы. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаевге Жалпы бөлүмдүн кызматкери Гүлбарчын Сулаймановадан Арыз Укуктук жогорку билимге ээ болгонума байланыштуу мени укук бөлүм башчылык кызматына которууңузду сураймын. Тиркелет: Жогорку билим жөнүндөгү дипломдун көчүрмөсү (6 бет) 09.11.2011. (колу) Г. Сулайманова
  • 46. Доо арызы Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна Доочу: Бишкек шаарынын Жибек Жолу көчөсүнүн №15 үйүнүн тургуну Мамакеева Замира Токторбековна Жоопкер: Бишкек шаарынын Жибек Жолу көчөсүнүн 17 үйүнүн тургуну Садыбакасова Калыйпа Шаршеновна Доо арызы Мен, Мамакеева Замира Токторбековна 18 жылдан бери Садыбакасова Калыйпа менен коңшу жашаймын. 1994-жылдын 30-августунда чыккан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоонун чечиминде көрсөтүлгөн мага тиешелүү жер тилкенин 1 (бир) сотых жер тилкесин К. Садыбакасова кошо тосуп алган. Бул боюнча айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссия акт түзгөн. Мага тиешелүү жер тилкени бөлүп берүүнү коңшум Садыбакасова Калыя аткарбай койду. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунан ушул маселени туура чечип берүүнү суранам. Тиркеме: 1. Айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссиянын акты; 2. Жер тилкесинин фотосүрөтү. 03.03.2012 (колу) З. Мамакеева
  • 47. Кошумча эмгек акысын алуу арызы. Доо арызын айрым жеке адамдар да жазат. Ал көбүнчө эл сотторуна берилет. Жеке кишилердин арызы үй-жай, мал-мүлкүн бөлүү, баласын кайра алуу, алимент, кошумча эмгек акысын өндүрүү, турак-жайдан чыгаруу, карызын талап кылуу ж.б.
  • 48. Эсептешүү арызы Кыргыз мамлекеттик улуттук илимдер АкадемиясынынТил илими институтунун директору, академик А.А.Акматалиевге Бишкек шаарынын тургуну Октябрь райондук ИИБи тарабынан 2003-жылдын 10-октябрында берилген А678943 номерлүү паспорт ээси, “Принт Модель” чакан ишканасынын директору Адамаалы кызы Гүлмирадан АРЫЗ 2011-жылдын 6-сентябрында Сиз менен түзүлгөн келишимге ылайык Тил илими институтуна 50 басма табак китеп чыгарып берүү милдеттенмесин алуу менен келишим түзүлгөн. Китептер чыгарылды жана институтка жеткирилди. Келишимде көрсөтүлгөн кызматка ылайык 110 000 (бир жүз он миң) сом өлчөмүндөгү акы төлөп беришиңизди өтүнөм. 15.12.2011. (колу) Адамаалы кызы Гүлмира
  • 49. ЖАРЫЯ Жарыя! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Референт- котормочу адистикке бошоп калган орунду ээлөө үчүн сынак жарыялайт. Конкурстун мөөнөтү- 2012-жылдын 15-майына чейин. Конкурска тийиштүү иш кагаздары толук даярдалып, төмөнкү дарекке жиберилсин. Бишкек шаары, Жаш Гвардия бульвары, 59 1-кабат, жалпы бөлүм.
  • 50. Акыркы мезгилде жарыянын калыптанган формасы өзгөртүлүп, өзгөчө формадагы жарыялар басма сөз беттеринде жарык көрө баштады.
  • 51. Жарыя! Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу- маалымат борбору министрликтердин, ведомстволордун, мамлекеттик мекеме жана акционердик коомдордун (менчигинин түрүнө карабастан ) кызматкерлерине жеке ишкерлерге иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө, жалпы эле мамлекеттик тилди үйрөнүүчүлөр үчүн төмөндөгүдөй багыттар боюнча топтук жана жеке курстарын жүргүзөт: Курска жазылуу жана толук маалымат алуу боюнча төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот. Биздин дарек: Киев көчөсү, 96 Б, 3-кабат, 319-бөлмө Тел.: (0312) 90 01 84, (0559) 600 676 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору Курстардын аталышы Максаты Мөөнөтү Жыйынтыгы Баштоочу топ Башка улуттардын өкүлдөрүн мамлекеттик тилде сүйлөөгө, жаза билүүгө үйрөтүү 72 саат 3 (үч) ай Каалоочуларга 144 саат Окуу-маалымат борборунун тастыктамасы ыйгарылат Улантуучу топ Мамлекеттик тилде сабаттуужаза билүүгө, эркин сүйлөөгө үйрөтүү 72 саат 3 (үч) ай Каалоочуларга 144 саат Окуу-маалымат борборунун тастыктамасы ыйгарылат Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү Иш кагаздарынын баардык түрлөрүн мамлекеттик тилде жүргүзүүгө үйрөтүү 48 саат 2 (эки) ай Окуу-маалымат борборунун тастыктамасы ыйгарылат
  • 52. Кызматка конкурстук негизде кабыл алуунун шарттары да жарыяларда берилет: Билдирүү да жарыянын бир түрү катарына эсептелип, анын жалпы окшоштуктары бар. Жарыя! «Фабула» коомдук-саясий гезити Корректорлук кызматынын бошоп калган ордун ээлөө үчүн конкурс жарыялайт. Конкурстун мөөнөтү 2012-жылдын 16-мартына чейин. Конкурска тийиштүү документтер толук даярдалып, төмөнкү дарекке жиберилсин: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр көчөсү №4 Б, 3-кабат кадрлар бөлүмү «Фабула» коомдук-саясий гезити. Жаш төкмө акындардын эсине! «Айтыш» коомунун алдындагы «Төкмөлүк өнөр» ийриминин кезектеги сабагы 16-март күнү саат 14.00 дө башкы имаратта өткөрүлөт.
  • 53. КУЛАКТАНДЫРУУ (Объявление) Белгилүү бир уюмдун же топтун мүчөлөрүн алдыда боло турган иш-чараларга–чогулуш, жолугушуу ж.б. менен кабардар кылуу үчүн колдонулган жазуу же оозеки түрүндөгү билдирүү – кулактандыруу.
  • 54. Кулактандыруу! «Курманжан датканын 200 жылдыгына» байланыштуу 2011-жылдын 12- ноябрында саат 9.00дө Т.Сатылганов атындагы мамлекеттик филармониясынын чоң жыйын жайында «Курманжан датка-тарыхый инсан» аттуу Эл аралык конференция өткөрүлөт. Каттоо саат 9.00дө башталат. Уюштуруучулар: Курманжан датка фондунун жетекчилиги
  • 55. Кулактандыруу! Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улутттук комиссиянын алдындагы «Терминком» мүчөлөрүнүн эсине! «Терминком» мүчөлөрүнүн кезектеги жыйыны 2012-жылдын 21- февралында саат 13.00 дө Кыргыз мамлекеттик тарых музейинин кичи жыйын жайында өткөрүлөт. 20.01.2012-ж. Уюштуруу тобу
  • 56. ТИЛ КАТ (Расписка) ТИЛ КАТ Мен, Бекташов Талантбек Изатиллаевич (Бишкек шаарынын “Тунгуч- 2” кичи районунун №68 үйүнүн №70 батиринин тургуну, Паспорт №258 07, берилген күнү 20.06.2009, берген орган ИИМ 50-37) Бул тил кат Алиев Нурлан Азатовичке (Бишкек шаарынын “Чыгыш-5” кичи районунун №45 үйүнүн 67–батиринин тургуну. Паспорт №270897 берилген күнү 20.07. 2008-ж. Берген орган ИИМ 50-55) берилет. 2011-жылдын 20-майында И. А. Алиев мага 20 000 сом (жыйырма миӊ сом) өлчөмүндө карызга акчалай каражат берди. Мен бул карызды 2011-жылдын 20-июнунда кайра кайтарып берүүгө милдеттенем. Ушул тил кат өз колум менен жазылды. 2011-ж. 20-май. Бекташов Т.И.
  • 57. Түшүнүк кат (Объяснительная записка) Ички түшүнүк каттын үлгүлөрү төмөнкүдөй болот: Бишкек шаардык Саламаттыкты сактоо департаментинин унаа базасынын мүдүрү Н.С. Сооронкуловго Жол коопсузду боюнча башкы кыбачы Исманкулов Эмил Төлөбековичтен Түшүнүк кат 2012-жылдын 1-мартында саат 9.00.дө Административдик жыйынга келбей калганымдын себеби, ошол убакта Бишкек шаарындагы Чүй, Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде «Тайота Хайс» тез жардам авто унаасы менен «Мерседес» үлгүсүндөгү жеңил авто унаасы жол кыймылынын эрежесин сактабагандыктан кагылышууга учурап, МАИ кызматкерлери менен бирдикте ишти аныктоого катыштым. 01.03.2012. (колу) Э. Исманкулов
  • 58. Тышкы түшүнүк каттын үлгүсү төмөнкүдөй болот: Кыргыз-Түрк «Манас» Kyrgiz-Turk «Manas» университети universi Е-mail: manasuniver@ mail.ru 12.12.2012. №7 Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р. Казакбаевге Сиздердин сунуштамаңыздар боюнча Түркиянын Стамбул шаарында өтө турган Эл аралык Симпозиумга каржылоо маселесине байланыштуу окутуучуларыбыздын делегациясынын катышуу мүмүкүнчүлүгү болбой тургандыгын билдиребиз.
  • 59. ӨМҮР БАЯН (Автобиография) Биринчи жак менен жазылган өмүр баяндын үлгүсү: Өмүр баян Мен, Токобаев Болот Темирбекович1975-жылдын 9-ноябрында Бишкек шаарында туулганмын. Атам- Усупбаев Темирбек, апам –Токсобаева Бактыгүл. 1992-жылы Бишкек шаарындагы №6 орто мектепти бүтүп, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультетине өттүм. 1996-жылы университетти аяктап, 1996-жылдан баштап 1997-жылга чейин Францияда окудум. 1997-жылы Өнөр–жай жана соода министрлигине жетектөөчү адис болуп ишке кирдим. 1999-жылы АКБ «Кыргызстан» банкына ишке кирдим. 2005-жылы КР Өкмөтүнүн Аппаратында Уюштуруу бөлүмүндө инспектор кызматын аркаладым. Ушул эле жылы КР Премьер –министринин жардамчысы болуп иштеп келдим. 2007-жылдан 2009-жылга чейин Экономика өнүктүрүү министрлигинде иштедим. 2010-жылдан бери КР Президентинин Аппаратында эмгектенүүдөмүн.Yй бүлөлүк абалым: жубайым –Гүлзат Саламаттыкты сактоо министрлигинде юрист болуп иштейт. Эки балалуумун. Бир уул, бир кыз. 16-июнь, 2011-жыл (колу) Б.Т.Токобаев
  • 60. Бүгүнкү күндө, жумушка кабыл алууда таржымал (резюме) актуалдуу болууда. Таржымал өмүр баянга окшош келип, кыска жазылат. Негизинен туулган жыл, окуу аяктаган жыл, алган наамдары, көнүккөндүктөрү, эмгек стажы, иш алып баруу жөндөмдүүлүгү менен билими айы,жылы, күнү менен так жана айкын берилет.
  • 61. ЧАКЫРУУ (Приглашение) Өткөрүлүүчү маараке–тойлорго, түрдүү жыйындарга, илимий жана практикалык конференцияларга, симпозиумдарга чакыруу үчүн жазылган кабарлоо – чакыруу. Чакыруу Урматтуу Камил Төлөбекович! Сизди үй-бүлөңүз менен балабыз Ринатты сүннөткө отургузууга байланыштуу тоюбузга келип, бата берип кетишинизди өтүнөбүз. Той 2012 –жылдын 24-майында саат 14:00 дө «Дасмия» ресторанынын той өткөрүү жайында болот. Сизди урматоо менен Нурсейиттин үй-бүлөөсү.
  • 62. Расмий иш чараларга даярдалган чакыруунун текстинин түзүлүшү бир топ татаал болот. Мындай чакыруулар мамлекеттик жана коомдук мекемелерде даярдалат. Мындай чакырууда адабий тилдин нормага ылайык сөздөр китеп сөздөрү жана сөз тизмектери активдүү пайдаланылат. Чакыруу! Урматтуу Элмирбек Камилович! Сизди Кыргыз Республикасынын мыйзамдык долбоорун толуктоо боюнча «Ченемдик укуктук актылар жөнүндө» аттуу жыйынга Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги чакырат. Жыйын 2012-жылдын 1-февралында саат 9. 30 да Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жыйын жайында (Жаш Гвардия көчөсү, 59-үй, 1-кабат, «Манас ордосу» жайында) башталат. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
  • 64. АКТ Yлгү: Материалдык баалуулуктарды өткөрүп берүү жөнүндө акт АКТ 1-июнь, 2011-жыл Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын Материалдарды даярдоо бөлүмүнүн башчысы М.Ааматов адистери З.Исакова, С. Кубатова, З.Козубаева болуп төмөндөгү актыны түздүк. Мурда З.Исакованын жеке жоопкерчилигиндеги персоналдык компьютерди (1 даана) өндүрүштүк кызыкчылыкка байланыштуу, бөлүмдүн ишин өркүндөтүү максатында З. Козубаеванын жоопкерчилигине өткөрүп бергендигин күбөлөндүрөбүз. Комиссиянын төрагасы (колу) М.Ааматов Мүчөлөрү: (колу) З.Исакова (колу) С.Кубатова (колу) З.Козубаева Тиркеме: Спецификациялоо актысы
  • 65. Бекитемин Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин орун басары ________ С. Н. Байназаров “_____”__________ 2011-ж. Аткарылган иш тууралуу АКТ Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалыматборборунун директору А. Исманкулова жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Эмилбек аламатович Каптагаев менен №8 кызматташуу келишими түзүлгөн. Келишимде 2011-жылдын 1-октябрынан 30-декабрынан чейин кызматкерлерге мамлекеттик тилди окутууга: -баштоочу топ үчүн 72 саат; - улантуучу топ үчүн 72 саат; - иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө 48 саат белгиленген. Окуу-маалымат борбору тарабынан көрсөтүлгөн иш милдети аягына чыкты. Кызматкерлерден сынак алынып, жыйынтык чыгарылды. Учурда сынактан өткөн курстун угуучуларына тастыктама тапшырууга берилди. Окуу-маалымат борборунун директору (колу) А. Исманкулова Комиссиянын мүчөлөрү (колу) А.Н. Абдылдаева (колу) А. Т. Аликеева (колу) Ж. А. Рахматова
  • 66. Баяндама кат (докладная записка) Эгерде баяндама кат ички иш кагазы болсо, иш-чараны аткаруу демилгеси мекеме кызматкери болгондуктан, андай баяндама катка тема коюлбайт. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Р.Ч.Момбековго Окуу-маалымат борборунун директору А.Т. Исманкуловадан БАЯНДАМА КАТ Сиздин көрсөтмөңүз боюнча «Эл аралык «Манас» ачык акционердик аэропортунун кызматкерлерин 2012-жылдын 5-мартынан баштап Мамлекеттик тилди окутууга жетекчилери менен бирге кызматташуу келишимин түздүк. Мамлекеттик тилди үйрөнүүгө аэропорттун бардык кызматкерлери макул экендигин билдиришти. Аэропорттун кызматкерлери Мамлекеттик тилди үйрөнүүгө окуу китептери
  • 67. Ал эми төмөнкү БАЯНДАМА КАТ тышкы иш кагазы болгондуктан тема коюу зарыл. Кыргызстан-Россия Славян университетинин ректору, академик В.И. Нефадьвге университеттин Чарба иштери боюнча проректору А. Т.Мамасериковдон БАЯНДАМА КАТ Медициналык факультеттин жалпы абалы жөнүндө Сиздин көрөстмөңүз боюнча 2011-жылдын 17-августунда Медициналык факультеттин жалпы абалын текшерип чыктым.
  • 68. Жогоруда келтирилген баяндама каттардын үлгүсү арызга окшош жазылган. Баяндама каттын дагы бир түрүнүн аткарылуу өзгөчөлүгү бар. Анда тармактык бөлүктөрдүн жайланыш тартиби бир аз башкачараак. Андай баяндама каттарда мекеме же ишкананын, тармактык бөлүмдүн жана иш кагазынын аталышы, анын жазылган убагы жана тексттин темасы сол бурчуна, баяндама кат жөнөтүлө турган жетекчинин кызматы, аты-жөнү барактын жогорку оңбурчуна жазылат.
  • 69. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин тарых факультети декан А.К.Кулматовго БАЯНДАМА КАТ 01.02.2012-ж. Сырттан окуу бөлүмүнүн 4-курсунун студенттеринин педагогикалык практикасынын мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө 2012-жылдын 19-февралынан башталуучу педагогикалык практика Бишкек шаарында грипп оорусунун эпидемиялык мүнөз алгандыгына байланыштуу өтүлбөй тургандыгын билдирем. Педагогикалык практиканы 2-апрелден баштоону сунуш кылам. Бул мөөнөткө Бишкек шаардык билим берүү департаментинин жетекчилигинин макулдугу алынды. Бишкек шаардык билим берүү департаментинин макулдук каты (1 бет), 1 нуска) тиркелет. Факультеттин деканын сырттан окуу боюнча
  • 70. БИЛДИРМЕ (Рапорт) Пландын, берилген ар кандай тапшырманын аткарылгандыгы, эмгек өргүүсүнүн, чет өлкөгө жасалган саякаттын аяктагандыгы, иш сапарынын бүткөндүгү, айрым иш чаралардын жыйынтыкталгандыгы ж.б. жөнүндө жогорку инстанцияларга (уюмга) жиберилген расмий иш кагазы –билдирме болуп саналат.
  • 71. Билдирменин үлгүсү: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык Менчик кызматынын директору А. А. Калмаматовго Кадр жана иш кагаздар бөлүмүнүн башчысы Д. Казаковдо Билдирме 2011-жылдын 10-май күнү экспериза башкармалыгынын башкы адиси А.А. Иванов эмгек тартибин бузуп, эч себепсиз жумушка келбеди А. А. Иванов боюнча чара көрүү профсоюздун чогулушунда каралмакчы. Кадр жана иш кагаздар боюнча бөлүмүнүн
  • 72. БУЙРУК (Приказ) Буйрук –мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилеринин жеке бийлигине негизделген укук документи. Ал мекеменин ишмердигиндеги негизги жана күндөлүк милдеттерди, иш чараларды чечүү максатында колдонулат. Буйрук негизги иш аракеттерге жана кардарлардын жеке өзүнө тиешелүү маселелерге байланыштуу жазылат (буйрук берилет). Алар белгилүү тартипте өзүнчө номурланып, айрым көктөмөдө сакталат.
  • 73. Жалпы ишмердик боюнча буйрук Бул буйрукта мекемеде ишти уюштуруу, мекеме жана анын бөлүмдөрүнүн ишмердигин тартипке салуу маселелери каралат, жогорку мекемелерден келген көрсөтмө иш кагаздар мекеме кызматкерлерине жеткирилет, алардын аткарылышы боюнча так чаралар көрсөтүлөт, ал иш чаралардын аткарылышына жооптуу адамдар дайындалат жана аткаруу мөөнөтү белгиленет.
  • 74. Жалпы ишмердик боюнча буйруктардын үлгүлөрү Салтанаттарды жана майрамдарды өткөрүү буйруктары: Кыргыз Республикасы Чүй облусу Чүй райондук мамлекеттик администрациясы БУЙРУК 2012-жылдын 18-февралы №5 Токмок шаары «Нооруз-2012» майрамын майрамдоо учурунда тартипти жана коопсуздукту камсыздоо жнүндө 2012-жылдын 21-мартында массалык майрамдоо жана соода өткөрүү учурунда шаардагы коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча БУЙРУК КЫЛАМ: 1. Райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы (Абакиров Б.) 21-мартта тартипти жана коопсуздукту камсыз кылсын. 2. МАИ башчысы (Жоошбеков С.) 21-март күнү автоунаалардын кыймылын саат 8 ден саат 16 га чейин Ленин көчөсүү боюнча Пионер жана М.Горький көчөлөрүнүн аралыгында токтотсун. 3. Буйрукту аткаруу райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары М.К. Каиповго мидеттендирилсин. Чүй райондук мамлекеттик администрация башчысы (колу) А.Кенжетаев
  • 75. Эскертүү: Мекеменин бланкынын маалыматтары мындай кийинки үлгүлөрдө да көрсөтүлбөйт. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК№19 2012-жылдын 18-февралы Бишкек шаары Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз эл баатыры Т.Касымбековдун 80 жылдык мааракесин өткөрүү жөнүндө Үстүбүздөгү жылдын 15-январь айында республикабыздагы белгилүү инсан, Кыргыз Эл жазуучусу, Кыргыз Эл баатыры Т. Касымбеков көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак. Улуу залкар жазуучунун мааракесине арналган адабий конференцияны белгилөө максатында БУЙРУК КЫЛАМ: 1. Адабий конференция 19-апрелде саат 14.00дө министрликтин коллегия залында өткөрүлсүн. 2. Иш чараны алып баруу милдети А. Иманжановага жүктөлсүн. 3. Иш чараны уюштуруу милдети Төлөбек уулу Талантка жүктөлсүн. Министр (колу) И. Жунусов
  • 76. Өздүк курам боюнча буйрук Өздүк курам боюнча буйрук ишке кабыл алууда же иштен бошотууда, мекеменин бир бөлүмүнөн экинчи бөлүмүнө которууда, кызматкерди сыйлаганда, өргүүгө чыкканда ж.б. учурларда даярдалат. Мындай буйруктар уюмдун бөлүм жетекчилеринин сунуштары жана жарандардын өздүк арыздарынын негизинде аткарылат.
  • 77. 1. Жумушка кабыл алуу буйругу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору №______ 2011- “_____” _____ Буйрук Жийдебаева Анара Жумакожоевна жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 82-беренесине ылайык БУЙРУК КЫЛАМ: 1. 2011-жылдын 11-июлунан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башкы эсепчилик кызматына дайындалсын. 2. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам. Төрага (колу) Р. Момбеков
  • 78. 2. Башка ишке которуу буйругу Буйруктун бул түрү кызматкер (же жумушчу) мекеменин бир түзүмүнөн экинчи түзүмүнө которулганда же кызмат орду ошол мекемеде жогорулаганда даярдалат. Башка ишке которуунун демилгечиси мекеме жетекчилиги, эмгекчилер жамааты, жогорку органдын көрсөтмөсү болушу мүмкүн. Бирок буйруктун негизи болуп башка ишке которулган кызматкердин арызы кала берет.
  • 79. Башка ишке которуу буйругунун үлгүсү: «БЕРЕКЕТ ГРАНД» CООДА БОРБОРУ БУЙРУК №53 21.02 11. Бишкек шаары Кадрлардын өздүк курамы боюнча Башка жумушка которуу жөнүндө Насырова Рахат ээлеген кызматынан бошотулуп, 2011-жылдын 2-февралынан 15500 (он беш миң беш жүз) сомдук айлык акы менен директордун орун басарлыгына ДАЙЫНДАЛСЫН. Негиз: Р. Т. Насырованын арызы. Башкы директор (колу) З. И.
  • 80. 3. Эмгек өргүүсүн берүү буйругу Буйруктун бул түрү мекеме кызматкери же жумушчусу кезектиги эмгек өргүүсүнө чыкканда даярдалат. Календарлык же окуу жылынын башында түзүлгөн мекеменин же анын түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин өргүү графиги бул буйрукка негиз болот. Айрым учурда эмгек өргүүсүнө чыгуу үчүн арыз да жазылат. Эмгек эс алуусу бүткөндөн кийин, кызматкер өргүүсүнүн бүткөндүгү жана кайсы күндөн өз кызматына киришкендиги жөнүндө билдирме жазышы талап кылынат.
  • 81. Эмгек өргүүсүн берүү буйругу: “Эл аралык “Манас”ачык акционердик коому БУЙРУК №467 01.12. 2011-ж. Бишкек шаары Кадрлардын өздүк курамы боюнча Эмгек өргүүсүн берүү жөнүндө Котормо бөлүмүнүн башкы адиси Шаменова Айнура Шаменовнага 2011-жылдын 1-июнунан 36 иш күнгө эмгек өргүүсү БЕРИЛСИН. Негиз: 1. Эмгек өргүүсүнүн иш тартиби 2. А. Шаменованын арызы. Башкы директор (колу) М. Туркебаев
  • 82. 4. Кызматтан бошотуу арызы Буйруктун бул түрү мекеме кызматкери (жумушчусу) кызматтан бошогондо жазылат. Кызматтан бошотуу буйругунун негизи – иштен бошонуучу жарандын арызы. Арызда анын ээси бошонуу себеби буйрукта белгиленет.
  • 83. Кызматтан бошотуу буйругу: Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты №______ 2011- “_____” _____ Буйрук №87 Назира Таджибаева жөнүндө: Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 82-беренесине ылайыкБУЙРУК КЫЛАМ: 1. 2011-жылдын 11-июлунан Укуктук бөлүмүнүн башкы адиси өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулсун.Негизи: Таджибаева Назира Кубанычовнанын арызы. 2. Акыркы эсептешүүсү берилсин. 3. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Э. Каптагаев
  • 84. 5. Кызматкерлерди сыйлоо буйругу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия БУЙРУК №56 05.09.2011-ж. Бишкек шаары Окутуучуларды сыйлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин өнүгүшүнө кошокон зор салымдары үчүн төмөнкү окутуучуларды сыйлоого БУЙРУК КЫЛАМ: 1. Мажитова Рахат - Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу “Ардак грамота” менен; 2. Абылкасымова Тамара–Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу “Ардак грамота” менен СЫЙЛАНСЫН. Негиз: Кафедра башчысынын көрсөтмөсү. Төрага (колу) Р.Момбеков
  • 85. Буйруктун көчүрмөсү Мекемелердин же жарандардын талабы боюнча буйруктун көчүрмөсү берилет. Көчүрмө компьютерде кайра даярдалып, аны талап кылган тарап үчүн зарыл болгон маалымдаректер толук киргизилиши керек. Буйруктун тексти жөнөкөй болсо, анда түп нуска толугу менен көчүрүлүп, ага жетекчи кол койбой эле, ке се кызматкерлерининӊ “Көчүрмө анык” же “Анык” деген визасы менен ырасталат. Көчүрмөнү даярдоочу колун коюп, кеңсенин төгөрөк мөөрүн басат.
  • 86. Жөнөкөй буйруктун көчүрмөсүнүн үлгүсү: «БЕРЕКЕТ ГРАНД» CООДА БОРБОРУ БУЙРУКТАН КӨЧҮРМӨ №3 21.02 11. Бишкек шаары Кадрлардын өздүк курамы боюнча Башка жумушка которуу жөнүндө Насырова Рахат ээлеген кызматынан бошотулуп, 2011-жылдын 2-февралынан 15500 сомдук айлык акы менен директордун орун басарлыгына ДАЙЫНДАЛСЫН. Негиз: Р.Насырованын арызы. Башкы директор (колу) З.И. Осмоналиев Көчүрмө анык Катчы (колу) Ф. Бирназарова 12.04.2011-ж. Мөөрдүн орду
  • 87. ТЕСКЕМЕ Тескеме - негизинен мамлекеттик башкаруунун коллегиялуу органын башкарган жетекчинин атынан күтпөгөн (ыкчам) маселелерди чечүү үчүн чыгарылган укуктук акт. Эреже катары ал чектелүү мезгилине чейин иштейт жана айрым уюмдарга, жарандарга, кызмат адамдарына тиешелүү болот.
  • 88. Тескеменин үлгүсү: Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги Т Е С К Е М Е 15.06.2011 №10 Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги Германиядан алып келинген дарыларды пайдаланып, бир жаштан 17 жашка чейинки өспүрүм балдарды кызамык оорусуна каршы алдын-ала дарылоо ишин жүргүзүүнү ишке ашыруу зарыл. Бул ишти жүзөгө ашыруу үчүн министрликтин илимий иштер боюнча орун басары Г.С. Жуматаевага төмөнкүлөрдү МИЛДЕТТЕНДИРЕМИН: 1. Республиканын бардык медициналык участкалык башчыларынан дарыны пайдалануу боюнча бир күндүк семинары өткөрүлсүн. 2. Дарылар ар бир райондон берилген суроо-талапка ылайык бөлүштүрүп берилсин. 3. Алдын ала дарылоо иши 2011-жылдын 20-декабрына чейин аяктасын. Министр (колу) С. Жумабеков
  • 89. ЖАРЛЫК (Указ) КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарына класстык чендерди берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын төмөнкү кызмат адамдарына класстык чендер берилсин: “Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси” Жолдубаева Индира Ырысбаевнага - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн АппаратынынУкуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы; Момбеков Рыскелди Чыныбековичке - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы; Касымов Роман Пазыловичке -Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкаруучусу. Кыргыз Республикасынын Президенти Р. Отунбаева Бишкек ш. 2011-жылдын 12-августу
  • 90. ЖОБО (Положение) Мамлекеттик, жамааттык жана менчик мекемелердин жалпы ишмердигин нормага салган жана мамлекеттин аракеттеги мыйзамдары, токтомдорунун негизинде түзүлгөн расмий иш кагазы - жобо. Жобо-ар бир мекемеде түзүлөт жана ошол мекеме өз ишмердигин жобонун негизинде жүргүзөт.
  • 91. Кыргыз республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борборунун Жобосу 1.1.”Кыргыз республикасынын Мамлекеттик тили жөнндө” Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн уюштуруучулук, материалдык-техникалык шарттарды түзүү багытындагы ченемдик актылардын аткарылышын камсыздоо максатында, ошондой эле мамлекетибиздеги бөтөн тилдүү калктардын кыргыз тилин окуп, үйрөнүү талабын күчөшү менен бул багыттагы окуу-усулдук чар-жайыттыктарды тартипке келтирүү, тиешелүү маалымат базасын түзүү талабы Окуу-маалымат борборунун түзүү зарылчылыгын пайда кылды. 1.2. Окуу-маалымат борборунун (мындан ары–борбор) уюштуруучусу–Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы. 1.3. Борбор уюштуруучулук укуктук түрү боюнча мекеме болуп саналат жана өзүнүн гербдүү мөөрү, расмий бланкы, өз алдынча эсеп-кысабы болот. 1.4. Борбордун дареги: Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 Б. 2. Борбордун максаты жана милдеттери 2.1. Борбор өз алдынча укуктук-юридикалык күчкө ээ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы блим, илим жөнүндөгү бардык укуктардан пайдалануу менен, Мамлекеттик тил комиссиянын жобосуна, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнндө” мыйзамга жана өзүнүн жобосуна таянып иш алып барат. Борбор өз ишмердигине Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын көрсөтмөлөрүн жетекчиликке алат. Борбор көрсөтүлгөн кызмат үчүн мамлекеттик жана коомдук уюмдар, башка чарба жүргүзүүчү субъектилер, жеке адамдар чегерген каражаттардын, чыгармачылык ишмердиктин, демөөрчүлүк колдоолордун эсебинен иш жүргүзөт. 2.2. Борбордун башкы максаты-республикада мамлекеттик тилди үйрөнүү, жайылтуу боюнча илим-билим жагынан, коомдук, маданий жактан иштерди алып баруу, маанилүү, зарыл маалыматтарды иргеп, талдоого алуу жана топтоо, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окууларды, семинарларды уюштуруу болуп саналат. Бул багытта электрондук веб-сайт түзөт, маалымат бюллетендерди чыгарат, усулдук ке ештерди берет.ӊ
  • 92. 2.3. Борбор өз ишинде укуктук тараптар, мамлекеттик мекеме уюмдар, кызматкерлер, жогорку жана орто билимдүү жарандар менен өз алдынча төмөндөгү багыттар боюнча иш жүргүзөт: -мамлекеттик кызматкерлер, башка улуттун жарандары, эне тилин начар билгендер үчүн кыргыз тили боюнча тездетилген курстарды уюштуруу; -мамлекеттик жана башка менчигинин түрүнө карабастан мекеме-уюмдардын, ишканалардын кызматкерлерине иш кагаздарын орус тили менен катар мамлекеттик тилде жүргүзүүгө үйрөтүү; -мамлекеттик тилди окутуу боюнча-усулдук жана илимий-усулдук иштерди уюштуруу; -окуу китептерин, усулдук колдонмолорду иликтөө, талдоого алуу жана даректүү сунуштарды даярдоо; -мамлекеттик тилди өркүндөтүүнүн жана аны жайылтуунун илимий-практикалык жолдорун, ыкмаларын изилдөө, иштеп чыгуу боюнча окуу жана окуу-усулдук куралдарды, адабияттарды жана башка материалдарды түзүү жана сунуштоо; -иш кагаздарын жүргүзүү жана мамлекеттик тилди үйрөнүү боюнча аудио-видео материалдарды, басма материалдарын, компьютердик программаларды, башка маалымат булактарын түзүү; -мамлекеттик кызматкерлер, окутуучулар үчүн илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды, курстарды, кароо- сынактарды, башка иш-чараларды өткөрүү; -курстар үчүн окуу программаларын, окуу пландарын түзүүгө көмөктөшүү; -квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштуруу; -алды кы усулдук иш-тажрыйбаларды жайылтуу;ӊ -жогорку окуу жайларына өтүүгө даярдоо, консультацияларды түзүүгө, которууга жардам көрсөтүү; -министрликтердин, мамлекеттик мекеме-уюмдардын жана жеке адамдардын буюртмалары боюнча башка тилдерден кыргыз тилине илимий жана көркөм адабияттарды, тексттерди, көрсөтмөлөрдү, документтерди, фирмалык бланктарды, формулярларды, расмий кагаздарды, ишканалардын иш кагаздарын жана мекемелердин аттарын, рекламалык кулактандырууларды которуу;
  • 93. 3. Борбордун укуктары -кыргыз тилин, иш кагаздарын үйрөнүү курстарын уюштурууга, билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө; -семинар, конференцияларды, илимий, усулдук билим берүү багытындагы ар кандай жыйындарды өткөрүүгө; -окуу жана окуу-усулдук китептерди даярдоо, басып чыгарууга жана таркатууга; -кызмат көрсөтүү чөйрөсүн ке ейтүүгө, ишмердүүлүктүн жа ы түрлөрүн киргизүүгө;ӊ ӊ -менчигинин түрүнө карабастан мекеме-уюмдар менен кызматттык келишимдерди түзүүгө жана кызматташууга; -эл аралык уюмдар менен өз алдынча кызматташууга; -гранттык долбоорлорду жазууга жана ал боюнча иш жүргүзүүгө; -мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн матеиалдык-техникалык шарттарын жакшыртуу максатында коомдук, экономикалык ишмердүүлүктөрдү жүргүзүүгө; -тажрыйба алуу максатында чет өлкөлөргө кызматкерлерин жөнөтүүгө жана ал жактан тажрыйбалуу адистерди чакыртууга; 4. Бобордун түзүлүшү жана аны башкаруу 4.1. Борбордун жогорку башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия болуп саналат. 4.2. Борбордун уюштуруучусу төмөнкү маселелерди чечет: -Борбордун жобосуна өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү; -Борбордун ишмердүүлүгүндөгү артыкчылык берилүүчү багыттарды белгилөө; -Борбордун жылдык отчетун угуу; 4.3. Борбордун ишин көзөмөлдөп туруу үчүн курамы 3 кишиден турган Көзөмөлдөө Кеңеши Мамлекеттик тилди өнүктүрүү департаменти тарабынан 3 жылдык мөөнөткө дайындалат; 4.4.Көзөмөлдөө Кеңеши: -Борбордун ишмердүүлүгүнө; -Мыйзамдуулуктун сакталышына; -Жободо көрсөтүлгөн максат-милдеттерден четтеп кетпөөсүнө көзөмөлдүк кылат. 4.5. Борбордун түзүмү:
  • 94. 4.6.Борбордун ишин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы дайындаган директор жетектейт. 4.7. Борбордун директору: -кадр маселесин чечет; -борбордун штатын аныктайт; -борбордун иш планын жана сарптоо сметасын бекитет; -адистердин жүргүзгөн иштерине көзөмөлдүк жасайт; -жылына бир жолу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдында отчет берет; -борбордун каржы-эсеп, өндүрүштүк иштерин, жетекчиликке алат; -жана башка мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде аракеттенет; 5.Борбордун финансы-чарба ишмердүүлүгү жана мүлкү 5.1.Борбордун финансы каражаттары төмөнкү булактардан турат: -окуу үчүн төлөнгөн каражаттардан; -консультациялык, маалыматтык кызмат өтөөдөн түшкөн каражаттардан; -басма иштерин жүргүзүүдөн; -чыгармачылык иштерди жүргүзүүдөн; -демөөрчүлөрдөн, гранттык каражаттардан, жеке адамдардан жана мыйзамга туура келген башка булактардан түшкөн каражаттардан топтолот. 5.2. Табылган киреше тиешелүү төлөмдөрдөн, салыктардан кийин Борбордун максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга жумшалат: -жабдууларга, окуу пландарын, программаларын, окуу жана окуу-усулдук куралдарын түзүүгө; -Борбордун материалдык-техникалык базасын чыңдоого; -Борборду кармап турууга жана өнүктүрүүгө кеткен чыгымдарды төлөөгө; -Борбордун кызматчыларынын айлык акыларын төлөөгө, сыйлык берүүгө жана материалдык жактан колдоого; 5.3.Борбор тиешелүү тартипте бухгалтердик отчеттуулукту ишке ашырат.
  • 95. Жобо бекитилгенден кийин расмий күчүнө кирет. 6. Өзгөртүп түзүү жана жоюу 6.1.Борбор өзүнүн ишмердүүлүгүн өзгөртүп, кайра түзүүнүн жана жоюунун негизинде токтотот. 6.2.Өзгөртүп. кайра түзүлгөн учурда бардык өзгөртүүлөр уюмдун жобосуна киргизилет. 6.3.Борбордун ишмердүүлүгүн токтотуу учурунда пайда болгон иш кагаздар Кыргыз Республикасынын “Архивдик фонду жөнүндө” мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борборунун директору А. Исманкулова
  • 96. ИШЕНИМ КАТ (Доверенность) Мекеме, ишкана, бирикме же жеке кишинин атынан иш жүргүзүү үчүн экинчи бир кишиге ишеним билдирилген жана анын өкүлдүгүн аныктап жазылуучу иш кагазы – ишеним кат. Ал мазмуну жагынан ар түрдүү келип, бирөөнүн мал, мүлкүн башкаруу, акча жана материалдык байлыктарын алуу, сот процессинде тигил же бул ишти алып баруу жана башка иштерди турмушка ашырууга укуктуу экендигин күбөлөндүрөт.
  • 97. Мөөр Ишеним кат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Камсыздоо борборунун эсепчиси Кыдыров Кайрат Рысбековичке “Эл аралык “Манас” ачык акционердик аэропорту менен 2011-жылдын экинчи жана үчүнчү кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына Франция, Германия, Англия өлкөлөрүнө каттамдарды уюштуруу келишимин түзүү жөнүндө жана ага байланыштуу бардык жумуштарды аткарууга укук берет. Ишеним кат 2011-жылдын 30-ноябрына чейин жарактуу. К.Р. Кыдыровдун Токмок шаарынын ички иштер Колунун үлгүсү бөлүмү тарабынан 2005-жылдын 10-октябрында берилген
  • 98. Жогорудагы ишеним кат бир гана жолу, кызматкер кыска мөөнөттө бир гана ишти бүткөрүүгө, тагыраак айтканда келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Өзгөчө мүнөздөгү ишеним каттын үлгүсү: Ишеним кат Ушул ишеним кат Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борборунун директору Исманкулова Айнура Төлөбековнага (паспорт АN 1859316 ИИМ 50-55 2010-жылы 8- июлда Бишкек шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан берилген) берилди. Ишеним кат аркылуу Исманкулова Айнура Төлөбековна Окуу-маалымат борборунун тиешелүү документтерин Бишкек шаарынын юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү үчүн даярдоого жана күбөлүгүн алууга укуктуу. Ишеним кат бир айлык мөөнөткө 2011-жылдын 22-июлуна чейин берилди. Төрага (колу) Р. Момбеков 18.05.11.
  • 99. Жеке ишеним катттын үлгүсү: Ишеним кат Мен, Абдылдаева Айнур Нуралиевна, мага тиешелүү 2011-жылдын май айынын айлыгын кесиптешим Аликеева Айнура Талаповна алып коюусуна ишенем. Абдылдаева Айнур Нуралиевна Паспорт № А 1281812 ИИМ-50-02 (колу) 2011-ж. 1-июнь.