Жобо
Кыргызстандын жаш илимпоздорунун ар бир кварталда боло турган
конкурсу
«Прогрессивдүү Идеялардын Лидери»
1. Негизги жоболор
Конкурстун уюштуруучусу «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» болуп саналат.
Конкурстун максаты – жаш илимпоздорду колдоо, алардын илимий иштерине дем
берүү, практикалык жактан маанилүү изилдөөлөрдү иштеп чыгуу, күчтүү аналитиктердин,
мыкты кадрлардын коомун түзүүгө салым кошуу.
Илимий иштерге коюлган критерийлер:
Конкурска алынуучу эмгектердин жаңылыгы, актуалдуулугу жана илимий, илимий-
прикладдык маселелерди чечүүдөгү оригиналдуулугу эске алынат. Жарыяланган жана
башка конкурстарга жөнөтүлгөн эмгектер кабыл алынбайт.
Катышуучулар:
Конкурска 23 жаштан жогорку окумуштуулар, эксперттер, аналитикктер катыша алышат.
Бир адам бир гана катышу билдирүүсүн таштай алат. Бир иштин атворлорунун саны
чектелбейт. Жеке тараптардан атынан ишке жоопкерчиликтүү бир гана адам катышу
билдирүүсүн бере алат. Юридикалык жактар аныкталган жоопкерчиликтүү адамдын
атынан реквизиттерин жазуу менен билдирүү таштаса болот.
Негизги талаптар:
Илимий эмгектердин мазмуну төмөнкү багыттарда болуусу керек:
Кыргыз Республикасынын экономикасы;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасы.
Тексттин мазмуну жана структурасы төмөнкү талаптарга жооп бериш керек:
Илимий иштин аталышы;
Иштин аннотациясы, ачкыч сөздөр кыргыз, орус тилинде болуусу керек;
Киришүү;
Негизги маселени аныктоо (иште жооп бериле турган маселе);
Көйгөйгө киришүү;
Негизги маселени чечүүнүн жолдорун анализдөө;
Далилдердин системасы жана илимий аргументация (маалыматтарды ачуу жана
анализдөөнү камтуу менен);
Изилдөөнүн жыйынтыгы жана конкреттүү натыйжалар;
Колдонулган адабияттар (, кыргызча, орусча, англисче адабияттар алфавиттик
тартипте болуусу керек);
Тиркемелер
Иштин жалпы көөлөмү 20 (жыйырма) бетти ашпайт, барактартын форматы А4, кыргыз
тилинде жазылган эмгектер үчүн Kyrgyzfnt жана орус тилиндеги иштер үчүн Times New
Roman шрифти жана12 өлчөмүндөгү пункту менен жазылат. Саптар арасындагы аралык
1,5 (бир жарым) см, барактын сол жак бурчунан 3,0 см, үстүнкү жана астынкы жагынан
2, оң жак бурчунан 1,5 см бош орун калтыруу керек.
Жогорудагы техникалык талаптарга жооп бербеген илимий иштер кабыл алынбайт.
Илимий иштер белгилүү бир илим тармагындагы адистерге гана түшүнүктүү тилде эмес,
эмгекти талкууга ала турган жалпы коомчулукка түшүнүктүү жөнөкөй тилде жазылышы
керек. Тактап айтканда кесиптик терминдердин чечмеленишин да талап кылат.
Кыргыз жана орус тилиндеги илимий изилдөөлөр кабыл алынат.
Бардык талаптарга жооп берген конкурстук катышуу билдирүүлөрү гана каралат.
Төмөнкү жоболорго жооп бербеген конкурстук билдирүүлөр жана катышуучулар
конкурстан четтетилет:
Мөөнөтүнөн кечигип берилген катышуу билдирүүсү;
Конкурстук документтерге жооп бербеген катышуу билдирүүсү;
Керектүү документтердин толук жана далил эместиги.
2. Конкурсту уюштуруу тартиби.
Катышуу билдирүүлөрү жана керектүү документтер:
Катышуу билдирүүлөр конкурстун официалдуу түрдө жарыяланышынан баштап кабыл
алынат.
Катышуу билдирүүлөр жана илимий иштер электрондук форматта редакциянын
төмөнкү электрондук адреси аркылуу кабыл алынат:www.kik.kg (прогрессивдүү идеялар –
изилдөөнү сунуштоо)
1) Компьютерде Microsoft Word программасында жазылган жана бардык талаптарга
жооп берген илимий иштер кабыл алынат.
2) Microsoft PowerPoint программасында жасалган илимий иштин презентациясы 5-
мүнөттүк болуусу керек.
Конкурсту уюштуруу этаптары жана мөөнөттөрү
Конкурс ар бир квартал сайын, 2013-жылдын март айынан декабрь айына карай
өткөрүлөт.
Конкурстук заявкалар – конкурс жарыяланган кварталдын биринчи айынын биринен
кийинки айдын бирине чейин кабыл алынат.
Конкурстун жыйынтыктары, экспертизасы жана сыйлыктарын тапшыруу – конкурстун
башталышынан тартып кварталдын экинчи айынын экинчи жарымына чейин аныкталат.
Конкурс тууралуу жана жыйынтыктар боюнча толук маалымат – www.kik.kg веб-
сайтынын ( «Прогрессивдүү Идеялар» бөлүмүндө) жарыяланат.
Конкурстун жеңүүчүлөрү жана катышуучулары дипломдор жана белектер менен
сыйланат. Перспективдүү проекттердин жыйынтыгына жараша колдоо жана басып чыгуу
да каралат.
Конкурстук иштердин экспертизасы жана жеңүүчүлөрдү аныктоо.
Конкурстук иштердин экспертизасы эки этаптан турат:
Алгачкы экспертиза: тематика, мазмуну жагынан талаптарга жооп бериши;
Комплекстүү экспертиза: конкурстук иштердин мазмунунун критерийлерге жооп
бериши.
Алгачкы экспертизаны Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун эксперттик группасы
жүргүзөт.
Комплекстүү экспертизаны атайын конкурс үчүн түзүлгөн илимий комиссия жүргүзөт.
Илимий комиссия алгачкы экспертизадан өткөн гана иштерди талкуулайт. Белгилүү
критерийлердин негизинде конкурстун жеңүүчүсүн аныктап, бир сыйлыкты ыйгарышат.
Илимий иштер төмөнкү критерийлердин негизинде бааланат:
Иштин илимий маңызы, оригиналдуулук жана жаңылыгы– 20 упай;
Эмгектин мазмунунун тактыгы, жыйынтыктуулугу – 20 упай;
Эмгектте белгиленген натыйжалардын пайдалуулугу, колдонууга мүмкүндүгү – 20
упай;
Апробация жана иш жүзүнө ашыруунун мүмкүндүгү - 20 упай;
Келечекте дагы терең изилдөө перспективасы - 20 упай.
Кулактандыруу!
Илимий эмгектер плагиатка жатпаганы текшерилет.
Конкурстун шарттарын жооп бербеген иштер каралбайт.
Конкурска жөнөтүлгөн иштер кайтарылбайт.
Конкурстун жыйынтыгында берилүүчү апелляция кабыл алынбайт.
Конкурстун жыйынтыгында максималдуу 7 жеңүүчү белгиленип, төмөнкү сыйлык-
наамдарга татыктуу болушат:
Мыкты илимий эмгек – сыйлык 500 доллар, диплом, илимий иштин «Экономика жана
башкаруу» журналында басылып чыгышы; 100 упайдын 90дон жогорусуна ээ болгон
эмгектер татыктуу болуп саналат.
Жакшы илимий эмгек – сыйлык 250 доллар, диплом, илимий иштин «Экономика и
башкаруу» журналында басылып чыгышы; 100 упайдын 80ден жогорусуна ээ болгон
эмгектер татыктуу болуп саналат.
Экспертизалардын жыйынтыгына карап конкурстун оргкомитети дипломанттарды
белгилөөгө укуктуу жана аларга катышуу дипломдорун тапшырат. Дипломанттар
жеңүүчүлөр эмес, илимий эмгектери эскперттер тарабынан жакшы деп табылган башка
катышуучулар болуп саналат. Алардын эмгектерине берилген сындарды толуктоо
сунушталып, толук иштелип бүткөндөн кийин «Экономика и башкаруу» журналына
басылышы мүмкүн. Ошондой эле мыкты эмгектерди жараткан авторлорго жардам берген
илимий жетекчилер да дипломдор менен сыйланат.