Beginners Guide to TikTok for Search - Rachel Pearson - We are Tilt __ Bright...
Кулактандыруу
1. Кыргызстанда Дене тарбия Сабагын Өтүүдөгү Жаңы
Ыкмалар Программасы (КИК)
АЙРЕКС тарабынан башкарылып, АКШнын мамлекеттик департаментинин
алдындагы билим берүү жана маданият маселелери боюнча бюросунун «Спортс
Юнайтед» бөлүмү тарабынан бекитилген «Спорттук программалар боюнча эл
аралык демилге» грантынын эсебинен каржыланат.
КЫРГЫЗСТАНДА ДЕНЕ ТАРБИЯ САБАГЫН ӨТҮҮДӨГҮ
ЖАҢЫ ЫКМАЛАР ПРОГРАММАСЫНЫН
АМЕРИКА КОШМО ШТАТТАРЫНДА
ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУСУ
АЙРЕКС 2011 жана 2012-жылдарда Балдарды Машыктыруудагы Кыргызстандын
Инновациялары (КИК) программасынын баардык компоненттеринде катышкан дене тарбия
мугалимдери үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктү жарыялайт. 2012-жылдын 20-февралда саат
17:00 дө арыздарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү. Сураныч, толук арыздын формасын
толтуруп жана аны кайрадан АЙРЕКСтин Бишкектеги офисине жөнөтүңүз.
КИК МАШЫКТЫРУУЧУНУН ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУСУНУН МАКСАТТАРЫ
· Кыргызстандын мектептериндеги тренерлердин жаштарды окутуудагы жана алар менен
иштешүүдөгү жаңы ыкмалар боюнча, ошол эле убакта спорттун жаңы түрлөрү,
технологиялар жана конфликтти жөнгө салуу боюнча билимин жогорулатуу;
· Кыргыз тренерлеринин алган билимдерин өз жамааттарында спортко байланышкан
өнүктүрүү долбоорлорунун жардамы менен ишке ашыруу жана өздөрүнүн мектептеринде,
жамааттарында спортту пропагандалоо потенциалын жогорулатуу;
· Америкалык жана кыргыз тренерлеринин ортосундагы маданий жана маалымат алмашууну
өркүндөтүү.
Тажрыйба алмашуу бул КИКтин Кыргызстандык машыктыруучулары үчүн жаңы маданиятты
жана АКШдагы коллегалары менен бекем мамилени түзүүдөгү жакшы мүмкүнчүлүк. Ачык
мелдеште, беш КИКтин машыктыруучусу тандалып болжолу менен 2012-жылдын 2-
апрелинен 12-апрелине чейин АКШга он күндүк сапарга барып келишет. Финалисттер
Кыргызстандын маданиятын жана мамлекети жөнүндө өзүнүн тосуп алган Америкалык үй-
бүлөсүнө, мектебине жана коомуна презентация кылышат.
Дене тарбия мугалимдери АЙРЕКС кызматчылары менен кезигишүү жана АКШ Мамлекеттик
департаменттин жана башка эл аралык жана жергиликтүү спорт уюмдарына жолугуу үчүн
алгач Вашингтондо 2-3 күн болушат. Ушул эле күндөрдө алар Вашингтондун кызыктуу
жерлерин кыдырып көргөнгө мүмкүнчүлүк алышат.
Мугалимдер андан соң Миссури штатындагы, 2011-жылдын декабрь айындагы ТоТту
өткөрүүдө КИК долбооруна жардам берген спорттук программалар боюнча америкалык адис
Девид Кэдинин мекени болгон, Вебстер Гровс шаарына багыт алышат. Мугалимдер спорттук
2. машыгуулардын ар кандай түрлөрүн, оюндарды байкоого алышып, мектеп
администрациясынын өкүлдөрү, дене тарбия мугалимдери жана окуучулар менен
жолугушушат. Алар мектептен сырткаркы иш чараларга, анын ичинде ар кайсы аймактардан
жана штаттардан келген командалардын мелдештерине баруу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ
болушат. Мындан сырткары, Миссури штатындагы Вебстер Гровс жана ага жанаша
жайгашкан Сент- Луис шаарынын кызыктуу жерлерин көрө алышат. Буга кошумча, алмашуу
үчүн тандалган окутуучулар Вебстер Гровс орто мектептеринин кызматкерлери жана
окуучулары үчүн өз өлкөсүн тааныштыруу жана маданият алмашуу максатында Кыргызстан
жөнүндө (спорт, маданият, улуттук өзгөчөлүктөр) презентация өткөрүү мүмкүнчүлүгүн
алышат.
ТАНДАП АЛУУ КРИТЕРИЙЛЕРИ
Катышууга укугу бар кандидаттар төмөнкү критерийлер менен тандалышат:
Өзүлөрүнүн мектебинде/коомунда активдүүлүктү көрсөткөндүгү үчүн
Дене тарбия сабагын өтүүдө жаңы ыкмаларды колдонууга жөндөмүн жана кызыгуусун
көрсөтүү. Мисалы, ТоТдан келгенден кийин анда алган жаңы билимди өз жамаатында
колдонуу;
ToTга ийгиликтүү катышуу;
2011- же 2012- жылы мурунку KICK компоненттерин ийгиликтуу бүтүрүү
КИК кичине гранты аркылуу коомдук программаны ийгиликтүү тапшыруу
Лидерлик сапатын көрсөткөндүгү үчүн
Спортту конфликт кесепеттерин жумшартуу үчүн жана түрдүү улуттагы жаштардын
ортосундагы көпүрө катары колдонуу жөндөмү;
Эки маданиятка болгон кызыгуусу үчүн
Тажрыйба алмашуу машыктыруучу катары ийкемдүү жана жөндөмдүү болушу керек
Мекенине кайтып келүү милдеттемесин алуу жана алмашуу программасы аяктагандан
кийин анда алган билимин Кыргызстанда жаштар үчүн жайкы лагерь өткөрүү аркылуу
колдонуу;
АКШга мурунку учурда барбаган кандидаттарга көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кыргызстанга кайра кайтып келгенде коомдук жумуштарды жасаганга даяр болуңуз
АРЫЗДЫН НЕГИЗГИ ИНСТРУКЦИЯЛАРЫ ЖАНА АНЫ ТАПШЫРУУНУН КӨРСӨТМӨСҮ
· Арызда болгон баардык суроолорго жооп бериңиз.
· Арыз Кыргыз же орус тилинде толтурулушу керек.
· Арызга колуңузду жана датаны койуңуз.
· Басма тамгалар менен кара же көк сыя менен жазыңыз же принтерден чыгарыңыз.
· Эгерде сууроолор сизге тиешелүү эмес болсо, анда N/A (тиешелуу эмес) дегенди жазыңыз
· Паспортуңузда көрсөтүлгөндөй толук фамилияңызды, атыңызды жазыныз.
· Толук кайра байланышуу маалыматыңызды (почта дарегин жана бүт телефондордун
облустук кодун жана факстардын номерин жазыңыз)
· Эгрде сизге максатыңызды билдирүү үчүн үч суроого жооп бергенде барак жетишсиз
болсо, сиз дагы кошумча барак кошуп жазсаңыз болот.
· Эгерде сиз тандалып кала турган болсоңуз, сизде эл аралык (Загран) паспортуңуз болушу
керек. Тажрыйба алмашуунун жеңүүчүлөрү бир жуманын ичинде паспортун көрсөтүшү керек.
Көңүл бургула: Эгерде катышуучуда арызды толтуру убагында эл аралык (Загран)
паспорту жок болсо, ал 2012-жылдын 29-февралына чейин жасатып, АЙРЕКСтин
өкүлчүлүгүнө көрсөтүшү керек. Эгерде ушул шарт аткарылбаса анда катышуучу
программага катыша албайт (дисквалификация болот).
· Толтурулган арыздар АЙРЕКСке 2012-жылдын 20-февралы, кечки саат 17:00 чейин,
тапшырылышы керек. Эскертүү - тапшыруу мөөнөтүнө чейин КЕЧИКПЕСТЕН бардык
документтерди АЙРЕКСтин офисине тапшыруу өтө маанилүү.
· Арыздарды электрондук түрдө же кагаз түрүндө тапшырса болот. Электрондук арыздар
Искендер Куловго ikulov@irex.kg же eseitkaziev@irex.kg электрондук дарегине: KICK АКШда
тажрыйба алмашуу Арызы – деп жөнөтсөңүз болот.
3. Кагаз түрүндөгү төмөнкү адрес боюнча жөнөтсөңүз болот:
Адрес: 265a Проспект Чуй, Кабинет 106
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720071
Телефон номерлери: 0312-610811; 0555-521146
Арыздарды ошондой эле факс аркылуу жөнөтсөңүз болот: 0312-610836
ИЙГИЛИКТҮҮ КАНДИТАТТАР МЕНЕН АЙРЕКСТИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ 2012-ЖЫЛЫ
7-МАРТТА, БАЙЛАНЫШАТ.