Beginners Guide to TikTok for Search - Rachel Pearson - We are Tilt __ Bright...
уца
1. «Баатырдын атын алыстан угуп, жанына келсең бир киши»
2014-жылдын 20-февраль күнү Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин
профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинде (БАУ ПҮББМ) курстун
катышуучуларына Советтик жоокерлердин Афган жергесинен чыгарылгандыгынын 25
жылдыгына жана Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата “Баатырдын атын алыстан угуп, жанына
келсен бир киши” аттуу темада иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарада Афган жергесинде өзүнүн
аскердик жана интернационалдык милдетин аткарып келген жоокер Сатаров Болотбек
Жумагулович менен жолугушуу болду. Алгач сөз БАУ ПҮББМнин жергиликтүү жетекчиси
А.Дуйшеева, Академиялык иштер боюнча менеджери Н.Нишарапов куттуктоо сөздөрүн
сүйлөштү. Андан кийин Ресурстук борбордун координатору А.Омуралива окуучуларга Афган
мамлекети жөнүндө кыскача маалымат берип,
Афган жергесинде аскердик жана интернационалдык кызматын өтүп келген Сатаров Болоттун
өмүр баянын, бала чагы, окуучулук күндөрү жөнүндө презентация жазады. Сатаров Болот
Афган жергесине Новосибирск шаарында окуп, ошол шаардан 1987-жылдын 17-апрелинде
Туркменстан Республикасынын «Кушка» деген шаарында 3 айлык «Разведка ротасына»
даярдалып, ошол эле жылдын август айынан баштап Афган Республикасынын Кабул
шаарында интернационалдык милдетин өтөй баштайт.
2. Согуштук тапшырманы аткаруу менен бир нече душманды жок кылып, бир нечесин колго
түшүрөт. 1988-жылдын 6-ноябрында душмандар менен атышып жатып, Джабал – Усарач
шаарында оор жарадар алган. Ошол жылдары эки этап менен Афган жергесинен Советтик
Армиясы чыгарылып жаткан. 1989-жылы Афган Республикасынын “ВОИНУИНТЕРНАЦИОНАЛИСТУ ОТ БЛАГОРОДНОГО АФГАНСКОГО НАРОДА” деген медалы
менен сыйланып, өз Мекенине кайтып келет.
XXI-кылымдын башталышы, 2000-жыл өмүрүмдүн эң кубанычтуу жылы болду - дейт,
Б.Сатаров. Анткени Афган жергесиндеги кан төгүлгөн кандуу согушта көрсөткөн
күжүрмөн эрдиги үчүн “Кызыл жылдыз” ордени менен сыйланат. Бул сыйлыкты
Ингушетиянын Президенти, Советтер Союзунун баатыры Руслан Агушевдин өз колунан
Россия Федерациясынын Президентинин 04.04.1989-жылдагы Указынын негизинде
алат. Бир нече медаль - сыйлыктар менен да сыйланат.
3. Жакында дагы Советтик жоокерлердин Афган жергесинен чыгарылгандыгынын 25
жылдыгына карата ”Афганская слава” экинчи ордени, Казак Республикасынын юбилейлик
медалы менен сыйланып келди.
К.Жакыпов атындагы орто мектепте Б.Сатаров тарых сабагынан мугалим болуп иштеп, өсүп
келе жаткан жаштарга өз салымын кошуп келген, азыркы убакта ден соолугуна байланыштуу
эс алууда.
2012-жылы Нарын шаарындагы К.Жакыпов атындагы орто мектепте Анара
Абылмажинованын демилгеси менен атайын Б.Сатаровдун наамында бир кабинет ачылат. Ал
класста кичинекей жаш муундар билим алып, тарбияланып келе жатышат. Б.Сатаровдун
4. наамындагы кабинетте анын өмүр таржымалы, согушта басып өткөн жолдору, алган
сыйлыктары чагылдырылган.
Окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, канааттандыралык жооп алып жатышты.
Ар бир алган орден, медаль, грамота сыйлыктары качан, кандай шартта алынганы тууралуу
кенен, абдан кызуу менен угуп жатышты.
5. «Слава бойцу, Афганцу” деген темада стенгазета чыгарылган.Келечек муундарды мекенин
суйууго чакыруу максатында афганчы ардагердин сүрөттөрүн атайын 25 жылдыкка карата
чагылдырылган.
БАУ ПҮБМнин жергиликтүү жетекчиси А.Дуйшеева афган ардагерин 25 жылдык салтанаты,
Ата-Мекенди коргоо күнү менен кызуу куттуктап ыраазычылык кат жана «Древние памятники
Тянь-Шаня» деген китебин тапшырды.
6. Ошондой эле БАУнин окуучулары өздөрүнүн атынан ыраазычылык кат тапшырышты.
К.Жусуповдун “Афганистан”, Р.Аманованын “Ооган ыйы”, А.Кондрашовдун “Афган” фильми
көрсөтүлдү.
Иш-чаранын аягында Ресурстук борбордун координатору А.Омуралиева 23-февраль Мекенди
коргоо күнү менен ардагерди, жалпы жамаатты жана окуучуларды куттуктады. «Мейли
иште,окууда болсун, ар дайым ийгигилик жылоолоп,бакыт кушу колдон кетпей, өмүрдүн эң
сонун, эң бейпил, бакубат күнүн көрүп Мекен үчүн талбай ак кызмат кылып, жаштарга
жогорку кесиптик билим, тарбия берип ар дайым эриш аркак иштеп келе жатканыңыздарды
сыймык менен айткыбыз келет» – деп белгиледи.
Майрамыңыздар менен!